ИИМ: Эл менен жолугушуу иштерин уюштуруу уланууда

ИИМ: Эл менен жолугушуу иштерин уюштуруу уланууда

Кыргыз Республикасынын президенти С. Ш. Жээнбековдун “2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” аталышындагы Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан демилгеленген калк менен жолугушуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан көчмө кабыл алуу пунктунун жардамы менен эл менен жолугушуу иштери уюштурулууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө пунктун кезектеги эл менен жолугушуусу Чүй районунун Токмок шаарында өттү. Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги, милициянын полковниги Н. Адылова, ИИМдин КККнын башкы инспектору, милициянын полковниги Т. Алижанов жана ИИМдин КККнын инспектору Б. Мажикеевдер катышып эл менен жолугушуу жеринде келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө маектешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө калк ичинде ар кандай зордук-зомбулук аракеттерин, үй-бүлөөлүк зомбулук жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук- зомбулуктарды алдын алуу аталышындагы маектешүү, түшүндүрүү иштери жеринде жүргүзүлүп ага улай жаш өспүрүмдөрдүн дени сак жашоосуна, ден-соолуктарынын чың болушуна өбөлгө катары Токмок шаарынын №1, №2, №, 3 орто мектептеринин жамаатынын жардамы менен аталган орто мектептердин 7- класстарынан 9-класска чейинки окуучулар арасында кичи футбол уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер бөлүмү тарабынан тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости