Ичээр суубуз түгөнө элек экен. Кыргызстан Грузияга күйүүчү май экспорттой баштады

Ичээр суубуз түгөнө элек экен. Кыргызстан Грузияга күйүүчү май экспорттой баштады

Кара-Суу шаарынан алгачкы жолу Грузиянын Батуми шаарына кыргызстандык күйүүчү май (мазут) темир жол аркылуу экспорттоло баштады. 21-январда Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан аркылуу транзисттик жол менен 49 цистерна күйүүчү май жолго чыккан. Ал 33 саатта Өзбекстандын аймагынан чыккан. Транзиттик жол менен пилоттук жүк жеткирүү иши ийгиликтүү ишке ашты. Андан кийин Кара-Суудан Батуми шаарына дагы 49 цистерна мазут жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күнгө чейин 2 курам экспорттолду. Дагы бир курам экспортко даярдык көрүүдө. 28-январда Кара-Суудагы станциядан 24 цистерна Грузияны көздөй бет алды. Жүктүн ээси “Кыргызнефтегаз” ишканасы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости