Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы экинчи жолу жеңишке жетти

Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы экинчи жолу жеңишке жетти

Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы 26-январда CAFA — 2020 эл аралык турнирде Тажикистандын курама командасын үчүнчү турда жеңип чыкты. Бул тууралуу КРдин кыздар футболунун ассоцияциясы билдирди.

Ырысбек кызы Кенжебүбү 3-минутада жана Айтурган Аскарова 32-минутада гол киргизип, натыйжада 2:0 менен Кыргызстан курама командасы жеңишке жетти.

Турнир Душанбе шаарында өтүп жатат. Биринчи турда Кыргызстан Афганистанды 3:0 эсеп менен жеңип, экинчиде Өзбекстанга 4:7 эсеп менен жеңилип калган. Кийинки 28-январда боло турган оюнда биздин курама командабыз Түркмөнстан менен беттешке чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости