Футзал боюнча Кыргызстан Түркмөнстандан жеңилип калды

Футзал боюнча Кыргызстан Түркмөнстандан жеңилип калды

Бүгүн Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы эл аралык CAFA-2020 турниринде Түркмөнстандан утулуп калды. Бул тууралуу КРдин кыздар футболунун ассоцияциясы билдирди.

Матчтын 10-минутасында биздин курама командабыз алдыга чыккан. Каршылаш команда 24-26-минуталарында гол киргизип, утуп алышты.

Турнир Тажикистандын Душанбе шаарында өтүп жатат. Алгачкы оюнда Кыргызстан Афганистанды 3:0 эсеп менен жеңип, экинчисинде Өзбекстандан 4:7 эсеп менен утулуп, Тажикстанды 2:0 эсеп менен жеңген. 29-январда биздин курама командабыз Ирандын курама командасы беттешет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости