Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда эки күндүк жумуш сапарында болду

Фоторепортаж - Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда эки күндүк жумуш сапарында болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 3-4-майда Ысык-Көл облусунда жумуш сапарында болду. Жумуш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Тоң жана Ысык-Көл райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда жергиликтүү тургундар негизинен транспорт жана инфраструктуралык, социалдык объектилердин курулушу, калкты иче турган таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү, жерлерди трансформациялоо, мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы коррупция, туризмди жана ишкерликти өнүктүрүү маселелерине, социалдык камсыздандыруудагы, экологияны сактоодогу, кадр тандоо ишиндеги, жол коопсуздугун камсыз кылуудагы көйгөйлөргө байланыштуу маселелерди козгошту.

Бардык суроолорго Президент жана Мамлекет башчысы менен бирге жолугушууга катышкан министрлер, ведомстволордун жетекчилери жооп беришти. Андан тышкары, Мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести, Тоң районундагы Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо долбоору жана Ысык-Көл районундагы суткалык жөнгө салуучу суу көлмөсүнүн курулушу, ошондой эле Балыкчы-Тамчы-Корумду автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости