Эрнис кыязов, журналист: акаеви менен бакиеви жок алты жыл ичинде атамбаев тигилерден айырмаланып эмнени чечти, эмнени өзгөрттү, эмнени реформалады?

Эрнис Кыязов, журналист: Акаеви менен Бакиеви жок алты жыл ичинде Атамбаев тигилерден айырмаланып эмнени чечти, эмнени өзгөрттү, эмнени реформалады?

ҮМҮТ…

Садыр Жапаровдун тегерегиндеги окуяга байланып, ошол теманын түбүнө айланчыктабай, аны “баатыр же келесоо” деп жаатташа ызылдашпай, митингдеги майда-чоң деталдардын улам бирин чубап, “тигилер биринчи баштады…жок аркылар өзү биринчи баштаган болчу..” демейди кое туруп, “бул жүрүштүн артында ал турат экен, бул турат экен..” деген талашууну да жайына коюп, “жаш балдарды көгала кылып сабаган милиция тартипти сактап азаматтык кылдыбы же акмактык кылдыбы?” деген араздашууну да тим коюп, бакиевчилер менен атамбаевчилердин кимиси желмогуз, кимиси периште экенин да оюбуздан алыс ыргытып, дегеле Жапаров, Атамбаев, Бакиев, Текебаев деген ар кыл фамилияларды бир бирине кагыштырбай-чабыштырбай, Кумтөр маселесинин быкы-чыкысын айтып мисал келтирбей, кечээги окуянын саясый, укуктук, моралдык, криминалдык жактарын эзгилеп талкуулоону ары жылдыра туруп, өлкөнүн азыркы саясый портретин кайрале өлкөбүздүн өзүнө көрсөтүп “ушу сенби, сен эмеспи?” деп сурап көрбөйлүбү?..

Кана бизге айтчы өлкөм,.. Атамбаев башкарган алты жылдан бери сенде кандай көзгө жарк этип көрүнгөн реформалар болду, санап берчи? Мамлекеттик башкарууда, кадр саясатында, сот, прокуратура тармактарында, күч структураларында, экономикада, айыл-чарба, өнөр жай, энергетика, бажы секторунда, медицинада, билим берүүдө, маданиятта, бюджеттен акча бөлүнүп турган маалымат каражаттарында, идеологияда кандай сезилээрлик секириктер болуп кетти? Башкаруу ишине чет мамлекеттердин мыкты-мыкты алдыңкы окуу жайларын, университеттерин бүтүрүп, ал жактын түркүн компанияларында, ишканаларында иштеп тажрыйба топтогон жаңы жүздөр тартылдыбы? Ак үй, көк үйдөгү административдик жогорку жооптуу кызматтарга кадр тандоо критерийлеринде шоопурчулук, жансакчылык, курсташтык, жердештик, партиялаштык өнөкөттөр четке кагылып, профессионалдуулук, иш билгилик, тажрыйбалуулук сапаттар башкы орунга коюлуп келдиби? Соттор, прокурорлор пара албай, калыстыкты туу тутуп, президенттин, министрдин, депутаттын, кайсы бир акчалуу тараптын көзүн карап, “жаса! жасаба!” деген буйругун укпай, акыйкатка гана түздөнүп өкүм чыгарган сот реформасына ээ болуп калдыкпы? Милиция баңгизат бизнесине аралашпай, сойкучулукту калкалабай, ОПГ менен табакташ болбой, кылмышкерлер менен айыгышкан күрөш жүргүзүп, элдин сүймөнчүлүгүнө айландыбы? МАИчилер президенттик картежди элдин баарын күттүрүп, жол тыгынын жаратып коштоп жүргөндөн башка, эптеп эле бир шылтоо менен унааларды тосуп ар кимдин акчасын шыпыргандан башка, европа полицияларындай жадырап жылмайып жардам бергенге шашкан системага өтүп кулпуруштубу? УКМК президентке жакпагандарды жыга чаап камаган карателдик орган болууну токтотуп, улуттун гана коопсуздугун ойлогон, Батукаевди ким качырганын дароо эле таба салган, Дача-суга кулаган Боингдеги жүктүн ээси ким экенин заматта биле койгон, улут коопсуздугуна чындап күйгөн патриоттук орган боло алдыбы? Экономикада бюджетке очойгон киреше берээр кандай көзгө басар ири мега-проекттер ишке ашты? Айыл чарбада алгылыктуу жылыштар болуп, дыйкан-фермерлер банкрот дегенди билбей, мамлекет алардын продукциясын алыскы-жакынкы мамлекеттерге экспорттоп, акчага маарытып салдыбы? Тышкы инвесторлор биринен бири озунуп келип “ Кыргызстаныңарга завод салам, фабрика курам, туристтик зонаны гүлдөтөм, кен казам, көпүрөлөрдү, даңгыр жолдорду салам, Астанадай шаар куруп берем, анткени силерде шапке сурабайт экен, пара сурабайт экен..” деген ачык-айкын, либералдуу, ийкемдүү инвестициялык климат түзүлдүбү? Энергетикада Ширшовдук ууру система жоголуп, энерготариф элди ыраазы кылган денгээлге келип, “Атамбаев тарифти көтөрбөш керек деген илгерки сөзүнө турду, накта азамат падыша экен!” деген алкоолор, мактоолор тынбай айтылып жатабы? Бажы тармагында коррупция жоголуп, Акаев, Бакиев маалынан берки чөкпөй келаткан Раим миллион сыяктуулардын бети кызарып, бажы схемасындагы коррупциянын баарын төкпөй-чачпай жарыла айтып “жолдош президент, мындан ары кымтууну токтотпосок болбойт окшойт..” деп, бажыканалар бюджетке болуп көрбөгөндөй киреше түшүрө баштадыбы? Медицинада кескин өзгөрүүлөр болуп, “жакшы карашат экен” деп Европанын, Американын, Түркиянын клиникаларына чуркабай карапайым эл арзан, сапаттуу медтейлөөнү Кыргызстандан эле алып, ооруканаларда орун жетпей коридордо самтыраган сасык жууркан жамынып жатуу, пара суроо, ооруп келген адамга корсулдоо жоюлуп, мамлекеттин көзүн жазгыра шылуундук менен контрабандалык дары-дармек бизнесин калкалаган чиновниктер жоголдубу? Билим берүүнүн сапаты артып, пара алуу, берүү тыйылып, окууну бүткөн студенттер сыртка мигрант болуп кетпей же ишсиз самсып жүрбөй, билимин өз өлкөсүнө пайдаланган ырааттуу система пайда болдубу? Маданиятка, исскуствого чоң көңүл бурулуп, кино шедеврлер тартылып, чон шаарлардан тартып кичинекей айылдарга чейин заманбап китепканалар, кино-опера-балет-драм театрлар курулуп маданий өсүүлөр жандандыбы? Ак үйдүн гезити, ак үйдүн телевидениеси деген түшүнүк таптакыр жоюлуп, КТР, ЭЛТР жана башка мамлекеттик, өкмөттүк маалымат каражаттарынан бир тараптуу шыбоолор, согуулар токтоп, сөз эркиндиги кеңири кулач жайдыбы? Элди-журтту, ар кайсы катмарларды, ар кыл тармактарды бир тутумга бириктирген ынтымактуу, реалдуу, коррупцияны жалпайта тепсеп коомдон сүрүп чыкчу идеология пайда болдубу? Жогорудагы суроолордун баарына күзгүгө жакшылап каранып туруп жооп берчи өлкөм?

Мейли Садыр Жапаров өзүнүн эле арбайын согуп, Бакийиптен пул алып келип алып жакындарын митингге шыкактап жатыптыр дейли; мейли Текебаев ким бирөөлөрдөн пара сураганын моюнуна албай апакай Атамбаевге жөнү жок асылып атыптыр деп коелу; мейли Мадумаров, Ташиев, Келдибеков бир кездерде Жаныштын солдаттары болушканын моюнуна алдырталы; мейли Жанар Акаев илгери кимдин акчасына депутат болгонун унутуп, КСДПны жана анын түпкү кожоюнун сындап көөп баратканын “балашкалык” кылып билбей атыптыр деп эсептейли; мейли Атамбаев жасаган албан эмгектерди көрбөй көптөгөн журналисттер “сөрөйлүк”, “ушакчылык”, “жалаакорлук” кылып атышыптыр; мейли Отунбаева баш болгон “убактылуу өкмөтчүлөр” президенттин жакшы эле бараткан “жаратман” саясатын түшүнбөй атышыптыр деп ажонун таарынычына кошулалы; мейли илгери “Бакиев менен иштешсе болот экен” деп анын премьер-министри болуп иштеп, анан кайра “иштешсе болот” деген кишиси ажыдаарга айланып баратканын байкап калып “революция” кылган Атамбаевди, бир эмес “эки революцияны тең өзү кылган” Атамбаевдики туура деп коелу… Анда айтчы өлкөм, ал башкарган алты жыл ичинде Акаев менен Бакиев чече албаган баягы эле проблемалар эмне үчүн чечилбеген бойдон калды? Ошолорду чечпей жатат деп эки президентти тактысынан оодара тартышты эле го? Акаеви менен Бакиеви жок алты жыл ичинде Атамбаев тигилерден айырмаланып эмнени чечти, эмнени өзгөрттү, эмнени реформалады? Жооп берчи өлкөм?

Эх кайран биздин өлкөбүз… Баары аң сезими менен саясий абалды түшүнүп жапатырмак митингге чыкпаганы үчүн өнүкпөй жатасыңбы же митингдердин көптүгүнөн жүдөп өнүкпөй турасыңбы билбейм… Бирок менин баамымда, кимдир бирөөлөр ызылдап митинг кылбаган чакта деле өлкө күн өткөн сайын кургуйга кулап баратат окшойт. Анын баарына президент күнөлүү, тынчтык бербеген оппозиция күнөлүү, тээ сырттагы Акаев, Бакиев күнөлүү, башка өлкөлөрдүн чекисттери күнөлүү, дүйнөлүк кризис күнөлүү, мал сыяктуу айдаган жакка басып жүрө берген кайдыгер эл күнөлүү,..-деп ар кайсыны айтып талашып-тартышканыбыз менен Кыргызстандын каны-сөлү качкандан качып баратканы чын. Жашоо күндөн күнгө кулпуруп, улам бир жаңы реформалар байкалып, айлык-маяналар айдан айга көбөйүп, азык-түлүк баасы арзандап, бензиндин, газдын наркы кыйла эсе ылдыйлап, элдер россиялап, казакстандап, европалап мигрант болуп тентибей, четте жүргөн кыргыздын баары мекенине, шаардагылар айылга кайтып, көп айлыгы бар жумуштар арбыгандан арбып, байманалуу жашоо башталса элдин акайыпты, бакийипти, атамбайыпты ойлогонго деле убактысы жок калмак. Бийлик өзү баш болуп коррупциянын,паракорчулуктун, акыйкатсыздыктын, кайдыгерликтин үлгүсүн ачык эле көрсөтүп жаткан сон, эл кайда бармак эле?.. Акаев кыйратпаганды Бакиев кыйратат деп күткөн элдин үмүтү, эки эселенип Атамбаевге артылып, тиги экөө жасай албаганды мына ушул баатыр жасоого тийиш дегендей талап 6 жыл быкшыды. Анын колунан да, оозунан да эмне келээри элге түшүнүктүү болуп бүттү, “ананыраак колдоном” деп катып жүргөн жетекчилик, “реформаторлук” потенциалдарын да колдонуп, а түгүл анысы сүрсүй баштады. Дегинкиси, мындан ары “тигилер жаман биз жакшыбыз” деп бийликке олтурган мураскерлерге болгон элдик талап эми өтө-өтө (!) катуу болот. Кийинки өлкө тизгинин кармачу лидер акаев, бакиев, атамбаевдер жасай албаганды жасоого даяр болуп келбесе, коом аны тез эле мүлжүп сөөгүн жерге түкүрүп салаары бышык. “ Реформалар 10-20-30 жылдап жасалат да, 2-3 жыл ичинде реформа жасоо мүмкүн эмес..” деп мейли миң жолу саясый теорияларды айт, экономика, саясат илимдеринин докторлорун сүйлөт, 2005-2010 жылдардагы бийликке олтурган эрендер үчүн канын-жанын берген, ачынып, кекенип, ызага уугуп калган элди эми кайсыдыр классикалык теорияларды, формулаларды айтып ынандыруу өтө кыйын болуп калды…

Жапаровдук митинг маселесине келсек, бир аз үймөлөктөшкөн топту УКМК имаратынын жанынан калкан-соотчон, мылтык, союлчан мамлекет сакчылары дыргаяктата кууп, он беши биригип бир митингчинин колу-буту толгоп, заматтын ичинде мизин кайтаргансыганы менен, бул эми түбү буркулдап кайнап, бүгүн болбосо кайсы бир күнү атыла турган вулкандын буусун жабууга болгон эле убактылуу майнап. Эл кайсы бир Текебаев үчүн, Мадумаров үчүн, Жапаров үчүн өлүп бербесе да, жашоонун баягыдай эле оор бойдон калып жатышы, а өйдө жактагылар аны көрмөксөнгө сала, тээ илгери эл ойгоно электе өлкөнүн биринчи мультимиллионери болуп чыга келгенин жетишкендик катары түшүнгөн тайыздыгы менен өзүн өзү талкалаганы калды. Жапаровчулардын борбордогу акциясы башаламан, чалдыкуйду мүнөздө болсо да анын маанайы улам эле эски чокоюн унута берген президенттердин жоругуна ичтен каны кайнап, тилин тишин басып чыдап келаткан элдин ырайын туйдурган алгачкы репетиция болду окшойт. Сегизбаевдин конторасынын жанындагы алгачкы “жеңиши” менен бийлик элди козутуп алды. Бул жаалданган темп күн ысыган сайын кошо ысый берет. Акаев менен Бакиевдин ооматы таярда да так эле ушундай болгон, президент абсолюттук түрдө бардык бийликти колуна топтоп, сын айткандын баарын тыйып, ар-ар жерде чыга калган майда митингдерди милициянын союлу менен соройто чаап, ошонусуна корстон болуп жүрүп олтурган. Ошондо да эл не корккону, не кекенгени, не “мага баары бир” деп кол шилтегени белгисиз шектүү дымыган. Чуулдаган чуунун уюкусу борбордо эмес, алыскы облус, райондордо, айылдарда экенин эске алсак, баарын ичине топтоп жата берчү кыргыз бир жарылчу болсо, селдей болуп каптап, атамбаев, текебаев, жапаров, сегизбаев, илмияновуңду уруп ойнобой катуу жарылат. Ар кайсы саясый тараптар, азуусун айга жанган ажонун азыркы айбатынан айбыгып, президенттик шайлоо астында буктурмада турган парламент ичиндеги, сырттагы партия лидерлери, ак үйдүн кемесинде улам ар тарапты кылчактап, непадам күтүлбөстүктөр болуп кетсе керектүү жакка секире качууга даяр турган “талтайбектер” кечээги УКМК астындагы көрүнүштү көрүп, жер жерлерден жүздөп, миңдеп жыйылып олтуруп 5-6 миңдей эл келсе Сегизбаевдин конторун эле эмес, сексен кабат имарат болсо да аңтар-теңтер кылып тепселеп өтөөрүн сезишти…

Президент тандоо маселесине келгенде өлкө — “тандаган тазга жолуккан” тагдырга кабылганын, Атамбаевден Манас да, Ататүрк да, Ли Куан Ю да чыкпай калганын баары түшүнүштү. Саясый күрөштүн кульминациясы эми – биригүү. Бардык тараптарды биригүүгө мажбурлоочу себеп болсо бар, ал — парламентаризмди жүгөндөп минип, каалаган жагына каалагандай чапкылап, күн санап драконго айланып бара жаткан, “кетем” деп коюп кайра айнып “все таки саясатта кала бергиси келген..” Атамбаев. А киши болсо соңку кезде эски досторун да, өзү бир кезде сындаган бакиевчилерди да, акаевчилерди да, а түгүл маалында КСДП үчүн отко боюн таштаган Жанар Акаев сыяктуу “пулу жок” тарапташтарын да өзүнө душман кылып алды. Ошондо карай келсең, азыр Атамбаевди Атамбаев кылган Текебаев, Отунбаева баш болгон убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көбү президенттин “шерали ханчылыгына” нааразы, берки тарапта Мадумаров,Ташиев, Келдибеков, Жапаров, Мырзакматов сыяктуулар да ыраазы болуп турган жери жок. Президенттин туура эмес жолго түшүп алганы боюнча көз караштары бир болгон менен, жогорудагы эки топтун бир бирине кучак жая кол берип, биригип кетпей жатышына тоскоол болгон нравалык ыңгайсыздык бар. Бир тарабы – Бакиевди кетирип Атамбаевдин келишине салымы бар убактылуу өкмөтчүлөр, экинчи тарабы – Бакиев тушунда бийлик бутактарында иштеп калган лидерлер. Бирок эми,.. саясатта баары боло келген, ошол эле Атамбаев Бакиевди тактан оодаруу үчүн өз командасындагы акаевчилерге да, бакиевчилерге да көз жумуп, көрмөксөн болуп, эзели карашкыс кастары менен деле биригип Бакиевди бийликтен алып түшкөн. Атамбаевдин так ошол бириктирүү тактикасын жогорудагы эки тарап колдонууну чечкен болсо, азыр чектен чыгып бараткан Шерали ханды презденттик шайлоого жеткирбей эле оодарып түшүүсү толук мүмкүн. Эми бу жерде “акыр аяыгна чейин ноябрды күтүп эле, өз мөөнөтүндө тынч узатса болбойбу?” деген суроонун болушу жөндүү. А бирок, Атамбаевдин тынч кетип калышына, биротоло бийликтен кол үзүп, Түркияга барып гитара чертип ырдап, кызы Алиянын тарткан сүрөттөрүн сатып оокат кылып олтура берээрине ишенбегендер, анын ойкуп кайкыма мүнөзүн жакшы билгендер арбын. Атамбаев шайлоо болчу айларга эптеп жетип ала турган болсо, административдик ресурсту, Боршайкомду тымызын зекип, “качан мага кылмыш ишин ачып жиберээр экен..” деп коркуп-титиреп жүргөн акчалуу саясатчыларды пайдаланып болсо да өзүнө караштуу партиялардын парламентке келишине жанталашат. Шайлоо калыс, ачык, демократиялуу өтөт деп сайрап келе жаткан бийликчил политологдор Атамбаев бекеринен Жанар Акаевди кекээрлеп, “шайлоодо көрөбүз, сени эл шайлайт бекен, жок бекен..” дебегенин эске алып коюшса болмок. “Аташканын” алдагинтип айтканынын түпкү жагында “алдыдагы шайлоодо акчанын, басымдын күчү менен баары бир менин кишилерим жеңет” деген маани кылтыйып тургансыйт…

Лирикалык чегинүү…

Митинг кылбагылачы, тойгуздуңар, бала чакам менен тоого чыгып, гүл терип, шашлык жеп, таза абадан жыттап, көчөт тигип, үй куруп, ар күндүн баркын сезип жашаган эле бактылуулук керек мага! Бийлигиң да, оппозицияң да, атамбаевчи, текебаевчи, мадумаровчу, жапаровчуларыңардын да мага таптакыр кереги жок!…- деген калктын ушундай катмары бар. Мен деле кээде башы менен аягынын логикалык байланышы жок саясатыбызды карап, маал маал тигинтип наалып калганда, кайырмак кармап, уулум менен кошо көк жайык көлдөрдүн бирине барып өчүмдү балык тутмайдан чыгарам. Бу жагынан караганда, баары бир сыйра бийликке келип башкарып көргөн, баары бир сыйра бийликтен түшүп оппозиция болуп көргөн немелердин кайра эле эки жээкте туруп алышып эл атынан сүйлөп, элди жамынган күпүлдөмөйлөрү кайра-кайра кайталап уга берип тамтыгы чыккан эски жомоктой болуп жатканын туура эле түшүнүү керек… Бирок, Дооронбек Садырбаев айтмакчы, “мурдуна бок сүйкөлгөн” элге эле убал болууда. Эл акысын уурдоо чоң күнөө экендигин, эл башкаруучу калкка акыйкатсыз мамиле жасаса андан бетер очойгон күнөө болоорун чечмелеген исламий хадистерди билген атактуу диний аалымдарыбыз деле анда-санда ханды жандай коюп жүрүшөт, “падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, көрөйүн дейт жандагандар көрсөтпөйт..” деген улуу ыр саптарын жазган алп акыныбыз деле падышага сөзү өтүмдүү залкарлардын бири,.. анан неге батыл, кескин реформалардан дайын жок экенин билген киши барбы?

Ким билсин,.. балким биз эмненин эмне, кимдин ким экенин түшүнүү үчүн акаевди кетирген 2005-жылды да, бакиевди кууган 2010-жылды да, алты жыл өлкө башкарган Атамбаевди да көрүшүбүз, баштан өткөрүшүбүз керек болгондур?.. Анткени ал үчөө тең бизге кө-өөп нерсени түшүндүрдү, биз президенттердин кимисинин ким экенин гана эмес, алардын кай бирин кубаттаган, кай бирин жамандаган жан дүнөбүз менен өзүбүздүн ким экенибизди да түшүнө баштадык. Себеби, качандыр бир убакта тигил үчөөнүн ар бирин “өлкөбүздү көтөрөт болуш керек..” деп үмүт артып, өзүбүз шайлаганбыз, “бизди кууратты, шорлотту..” деп өзүбүз жактырган, үмүт арткан кишилерибиз үмүт актабаганын көрүп аларды кайра өзүбүз кетирдик. Үмүттү актабай турганын сезсек, “кетем деп коюп, кетимиш болуп, арыраак барып алып, кеткиси келбеген” Атамбаевди да биротоло бийликке кайрылып келгис, артка кылчактагыс кылып кетирээрибизди да ичтен билип турабыз. Анткени, эркиндик үчүн кантип күрөшүү керектигин бизге Акаевди кетирген Бакиев сыяктуу, Бакиевди кетирген Атамбаев сыяктуу эркин лидерлер үйрөттү. Лидерлер пендечиликке, напсисине алдырып адашаарын да көрдүк, бирок эл адашпай турганын, эл өзүн өзү талкуулап, тазалап,фильтрлеп турган касиетке ээ экендигин түшүндүк!

Рахмат сага өлкөм,.. биз баарыбыз акыры бир-бирибизди түшүнөбүз, Акаев Масалиевди, Бакиев Акаевди, Атамбаев Бакиевди түшүнчү учур келет. Бүт баарыбыз түшүнүшүп болуп, анан сени көтөрөбүз деген чоң ҮМҮТ бар, ал өчө элек!.. Ага чейин сени жок кылып албасак экен деп эле корком, атыңдан айланайын – Кыргыз өлкөсү, Кыргызстан!…

Журналист Эрнис Кыязов.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости