Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: "Биз "Кумтөр" боюнча пикетке чыкканда, Садыр Жапаров бийликтен коркуп, кыйкырып чыкмак түгүл бизге жакын жологон эмес"

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:

Экс-депутат Эркингүл Иманкожоева өзүнүн социалдык баракчасына Садыр Жапаровдун «Кумтөр» маселесин кийин өзүн пиар кылуу, жеке кызыкчылыгына колдонуу максатында гана көтөргөнүн жазып чыкты. Ал өз сөзүндө: «Мекендештер, «Кумтөр» маселеси Кыргызстандын бирден-бир ары көйгөйлүү, ары оор жана муундан-муунга кала турган түйшүгү болуп калды. Белгилей кетүүчү нерсе, «Кумтөр» маселесин жалгыз эле Садыр Жапаров көтөргөн эмес! Бул маселени, эң биринчилерден болуп легендарлуу парламент көтөргөн. 1998-жылы «Кумтөрдө» цианид авариясы болгондо, Барскоон эли көтөрүлүп чыккан. 20дан ашык аялды Акаевдин бийлиги камап, «оорулуу» деп эл алдында шылдыңдашканда, алар уялганынан көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, далай патриот балдар камалган. Ууланган элдин укугун коргоп Асия Сасыкбаева, Төлөйкан Исмаилова, Н.Аблова, эколог К.Молдогазиева жана башкалар барып, бийликтин камчысына кабылышкан. Ошол кезде Асия Сасыкбаева «Золотая авария» деген даректүү тасма тарткан. Легендарлуу парламентте депутат болгон Шергазы Мамбетов агай бийликтен коркпостон, «Кумтөр» долбоорунун былыктарын, келишимдин коррупциялык жактарын, кыргыз бийлигинин канадалык бир акмак компанияга сатылганын ошол кезде эле ачык айтып чыккан! Бул тууралуу «3олотая авария» аттуу тасмадан көрсөңүздөр болот. 2003-жылы 31-декабрда Аскар Акаев, Николай Танаевдер кыргыз элине чыккынчылык кылып, «Кумтөрдүн» акциясын «Центеррага» сатып, реструктуризация жасоо боюнча келишимге кол койгон. Ошондогу парламент депутаты Абсамат Масалиев агайдын: «Эй, туура эмес кылып жатасыңар, бизди кийинки муундар кечирбейт!» деп айтканын мен өз көзүм менен көргөм (жыйынга бир топ адамдар катышып, угуп отурганбыз). «Кумтөр» маселесин Өмүрбек Текебаев, Эркинбек Алымбеков, Арслан Малиевдер да көтөрүп, эксперттер, И.Торгоевге окшогон инсандар маселени кабыргасынан коюшкан. 2005-2007-жылдары декабрдын суугунда, май, аптаптуу август айларында митинг-пикеттерге чыгып, «Кумтөрдүн» экологияга болгон зыянын, элди уулантканын айтып турганда, биз Садыр Жапаровду көргөн эмеспиз! Ошондо мамлекеттик комиссия түзүлүп, каалагандар киргиле дегенде, биз Садыр Жапаровдун кирем дегенин уккан эмеспиз! Ошол кезде өкмөт башчы Феликс Кулов болчу. Ишенбесеңер андан да сурап көргүлө. Кыйын болуп, төш каккандар биз пикетте турганда, бийликтен коркуп, корголоп жакын да жологон эмес! Бир гана ыраматылык Эркинбек Алымбеков келген, Арслан Малиев келген. 2005-жылдан бери «Кумтөр» менен соттошуп келе жатабыз. Сотко кимиси келип колдоп койду?! Ошондо чыныгы патриоттор жасаган иштерин коомчулукка жарыялап пиар кылбаса, күч-аракеттеринин баарын керт башы үчүн колдонбосо, кылган иштерин милдет кылбаса, өзүнүн жеке имиджин көтөрүүгө аракет кылбаса эле эмне, ал адамдардын эмгеги айтылбай, бир эле жалгыз адам жасаган болмок беле? Бир адам эч качан ийгиликке жете албайт. Ошондуктан, мекендештер, тарых баарын өз маалында сөзсүз тастыктап, орду-ордуна коёт! Убагы келгенде, өзү айткандай, Садыр да чыгат. Ошол мезгилде түз эфирге бетме-бет чыгып, сүйлөшөбүз деген ой бар».

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Назар Новости