Эркиндикти сүйгөн акш, ирандыктарга маалыматтын эркиндигинин эшигин жапты

«Маалымат эркиндиги», “демократия” деп ич кийимдерин төрүнө илген эркиндикти сүйгөн АКШ, ирандыктарга эркиндиктин эшигин жаап баштады.

—«Маалымат эркиндиги», деп жар салган АКШ, Ирандын Fars маалымат агенттинин блоктоп, жаап салды. Өзбекстан тарап, дооматчыл “Азаттыкты” жаап салса, АКШ тарап, “маалымат эркиндигине бут тосуу”, деп дүйнө жүзүнө жар салган. АКШ тарапка баары боло береби? – деген маалыматты өзбекстандык кесиптешибиз Дилмурод Жумабаев билдирди.

Бул көрүнүшкө өзбекстандыктар ар кандай шилтемелерди жазып, АКШ тарап “байлар.сурса уят болбойт” деген сын-пикирге калышты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости