Эрик Асрандиев: "77 миллион долларга долбоор бекиттик"

Эрик Асрандиев:

Кыргыз -Орус өнүктүрүү фонду 2019-жылы жалпы суммасы 77,5 млн. долларга долбоор бекитти. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге көп.

Бул тууралуу бүгүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев маалымат жыйнында айтты.

Ал: «Фонд иштеп баштагандан тарта баардыгы болуп 379 млн. долларга 2 миң 351 долбоор бекитилген. Ири долбоорлорду өзүбүз каржылайбыз, ал эми орто жана чакан бизнести өнөктөш-банктар аркылуу каржылап турабыз. Биз менен 15 банк жана 4 микрофинансылык уюм, кепилдик фонду иштешет. Биз 202 млн, долларлык 57 долбоорду түздөн-түз каржылайбыз. Ал эми биздин өнөктөштөр аркылуу 2 миң 300 чакан жана орто субъектти каржылоодобуз», — деди.

Булак: Багыт.kg

Назар Новости