Эрдоганга кимдер тарабынан “капкан” дайындалганы ачыкка чыкты

Эрдоганга кимдер тарабынан “капкан” дайындалганы ачыкка чыкты

АКШ менен Израилдин бийлиги Түркия менен Эрдоганды Сириянын тузагына түшүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу түркиялык “Vatan” партиясына таянып, РИА Новости билдирди.

Саясатчылардын айтымында, Дамаск менен болгон конфликт азыркы бийлик үчүн аянычтуу аякташы мүмкүн.

“Түркияны тузакка түртүп жатышканын эскертебиз. Тузакка Түркия менен кошо биздин президентти да тартып жатат. Бул капканды АКШ менен Израилдин администрациясы түзгөн”,-деп партия билдирген.

Мындан сырткары, алардын пикиринде, Америка менен Израилдин бийлиги Анкараны Сирия менен согушууга үгүттөөдө. Мунун негизги максаты-Эрдоганды тышкы жана ички саясатта колдоосуз калтыруу.

Чыр-чатак мамлекетти обочолонтуп, стратегиялык өнөктөштөрүнөн, анын ичинен Россиядан да алыстатат.

Белгилей кетсек, Түркия менен Россиянын өлкө башчылары 5- же 6-мартта жолугуп, Идлибдеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүнү пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости