Эң көп кредит кайсыл тармакка бөлүнгөндүгү белгилүү болду

Эң көп кредит кайсыл тармакка бөлүнгөндүгү белгилүү болду

2019-жылдын декабрында коммерциялык банктардын насыялык портфели 146.4 миллиард сомду түзгөн. Анын басымдуу бөлүгү соода тармыгын насыялоого жумшалган. Анын жалпы суммасы 37,7 миллиард сомду түзгөн.

Регулятордун маалыматы боюнча 27,7 миллиард сом фермерлерге берилген. Ал эми тармактар боюнча көрсөткүч төмөндөгүдөй:

-керектөөчүлүк насыя – 17,2 миллиард сом;

-ипотека – 15,3 миллиард сом;

-курулуш – 13 миллиард сом;

-өнөр жай – 11,6 миллиард сом;

-социалдык тейлөө – 5,1 миллиард сом;

-транспорт – 3 миллиард сом;

-байланыш – 261 миллион сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости