Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Элди чогултуу кандай оор болсо, чогулган элди кайра аман-соо таркатуу андан да оор”

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Элди чогултуу кандай оор болсо, чогулган элди кайра аман-соо таркатуу андан да оор”

Кечээги митингдин уюштуруучулары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаровдор (сан даярдалып жатканда ал азаттыкка чыккан) жана бир канча жаш балдарды камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

— Ал киши өз ыктыяры менен жоопкерчиликти мойнуна алган да, эч ким мажбурлаган эмес. Мындай иштин ысык-суугун да түшүнөт да, жаш эмес…Ошондуктан алган милдетине жоопкерчиликтүү мамиле кылса туура болмок да…Даярдыкка, тартипти сактоого, уюшулуп жаткан митингди кокустуктардан коргоо жагына көп көңүл буруш зарыл, мындай учурда. Өз коопсуздугуңду дагы, митингдин коопсуздугун дагы камсыз кылуу милдети бар уюштуруучуда. Башыбыздан көп эле митингдерди даярдап өткөрүү түйшүгү өттү да, түнү менен уйку болчу эмес, даярданчубуз… Элди чогултуу кандай оор болсо, чогулган элди кайра аман-соо таркатуу андан да оор…Элди үндөп, митинг же дагы ушундай бир иш чарага чакыргандар муну дайым жадында кармашы абзел.

Булак: «Майдан.kg»

Назар Новости