Эки баланын энесинин жансыз денеси мүрзөдөн табылды

Эки баланын энесинин жансыз денеси мүрзөдөн табылды

Москва облусунда белгисиз жоголуп кеткен эки баланын энесинин жансыз денеси мүрзөдө баш сөөк жаракаты менен табылды. Бул тууралуу “Мэш” телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы Оксана Моргунова Москванын чекесиндеги Хотьково шаарында жашап, жергиликтүү фабрикалардын биринде иштечү. Бир жума мурун белгисиз жоголуп кеткени маалым болгон.

Маркумду акыркы жолу заводдон чыгып бара жаткан жеринен көрүшкөн. Ошол күнү балдарынын бирин бала бакчадан алыш керек болчу, бирок алып кеткен эмес. Анда тааныш аялдар укук коргоо органдарына кайрылып, полиция кызматкерлери менен волентерлор издөөгө киришкен. Кечээ, 26-январда Оксана Моргунованын сөөгү мүрзөдө баш сөөк жаракаты менен табылган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости