Эч кандай реформа, инвестициялык долбоорлор болбосо, экономикада кайдагы өсүү?

Эч кандай реформа, инвестициялык долбоорлор болбосо, экономикада кайдагы өсүү?

Баштапкы эсептөөлөр боюнча 2019-жылдын январынан тартып декабрына чейин Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 590 миллиард сомдон ашык каражатты түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 4,5%га көбөйгөнүн статистика комитети кабарлады. Кумтөр кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 2018-жылдын январь-декабрынын деңгээлинен 3,8%га өсүү менен 543 миллиард сомдон ашты. Ооба, ушинтип цифралар менен “ички дүң өнүм өстү” деп ооз толтуруп айтып жатабыз. Бул боюнча экономика боюнча серепчилердин жоопторуна кызыктык.

Кубан ЧОРОЕВ, экономика боюнча эксперт:

— Статистикага карасак, өткөн 2018-жылы 557 миллиард сомду түзгөн экен. “Бул жылы 590 миллиард” деген официалдуу цифраны беришиптир. Өткөн жылга салыштырмалуу жылыш болгонсуптур. Былтыркыга салыштырмалуу доллардын курсу дагы өзгөргөн жок. 33 миллиард сомго өсүш болуптур. Ички дүң продукция деген эмне? “Бул Кыргызстанда 2019-жылы өндүрүлгөн продукция жана кызматтардын баасы” деп айтсак болот. Ошонун жалпы баасы 590 миллиард сомду түздү (!) десек болот. Бизде негизги тармак Кумтөрдү кошуп-кошпой эсептеп жүрүшөт. Негизи, “кайсы тармакта өнүгүү болду, кайсы тармакта анчалык эмес?” деп анализ жүргүзүү керек. Акыркы жылдарда туризм өнүгүп, ички дүң продукцияга салымы түзүгүрөөк болуп келет. Ошону менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйүүдө. “Санариптештирүү жылы болду” деп эки жылдан бери белгилеп келебиз, бул көмүскө экономиканы официалдуу экономикага киргизгенге жардам берет. Көмүскө экономика канчалык эсепке көбүрөөк алынса, дүң өнүмдүн өсүшү көтөрүлөт.

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору:

— Бул жылдагы эле көрүнүш жана акыбал. “Өсүп жатабыз” деп ооз көптүрүүнүн деле кереги жок. Өлкөнүн 40%га жакын жумушка жарактуу эли мигрант болуп чет өлкөлөрдө жүрүшсө, ички байкалбаган, көмүскө миграция абдан күчүндө болуп турса, быйылкы эле окууну бүткөн балдардын 60-70%ы жумушсуз, окуусуз эч жерге батпай чет жакка кетүүгө аргасыз болуп атышат. Ушул акыбалда алардын мактанган көрсөткүчүн өтө жай ыргак катары бааласа болот. Бул эч кандай бийликтин өсүшү эмес. Мындай пайызды бизге дыйкан чарбалар эле берип коюшу керек болчу.

Кайрат ИТИБАЕВ, экономика серепчиси:

— Күтүлүп жүргөн эле көрүнүш. Кыргызстанда орто ички дүң продукциясынын жылдык өсүшү 3% менен 5%дын тегерегинде болуп келет. 2010-11-жылдардагы революцияга, саясый өзгөрүүлөргө байланыштуу кичине төмөнүрөөк көрсөткүч болгон. Башка жылдары ушундай эле абалдабыз. Жүрөк кубанткан деле өзгөрүү жок. Кыргызстанга байкаларлык өсүү 7%дан жогору болгондо болот. Ага чейинки экономикалык өсүү бул инерциялык: өзүнөн өзү адам төрөлүп, чоңоюп жаткандай гана өсүү катары эсептелет. Эч кандай реформа, ири инвестициялык долбоорлор болбосо, биз көрүнүктүү, маанилүү экономикалык секирик жасай албайбыз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости