Дүйнөнүн эң кыска бойлуу адамы 27 жашында каза болду

Дүйнөнүн эң кыска бойлуу адамы 27 жашында каза болду

Дүйнөдөгү бою эң кыска непалдык жаран Кхагендра Тхапа Магар 27 жашында көз жумду. Анын боюнун узундугу болгону 67,08 см түзгөн. Ал Покхара шаарында өпкө оорусунан кийин каза болду. Магара 2010-жылы 18 жашка толгондон кийин дүйнөнүн Гиннес рекорддор китебинде ааламдын эң кыска адамы катары катталган.

Бирок, 2015-жылга чейин ал бул наамды индиялык Чандра Бахадур Дангиге өткөрүп берген. Себеби, индиялыктын бою 53,6 см барабар болгон.

Кхагендра Тхапа Магарды Непал бийлиги өлкөгө туристтердин кызыгуусун арттыруу үчүн кызматын пайдаланып келген. Анда Непалдын жарнамалык роликтеринде “дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестте дүйнөнүн эң кичинекей адамы жашайт”, — деп чет элдиктерди кызыктырууга аракет көрүшкөн.

Эми дүйнөнүн эң кыска бойлуу адамы деген макам колумбиялык Эдвард Эрнандеске өттү.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости