Дүйнөлүк банк Өзбекстандын аэропортун жаңылоого жардам берет

Дүйнөлүк банк Өзбекстандын аэропортун жаңылоого жардам берет

Дүйнөлүк банк Өзбекстандын аба майдандарын модернизациялоо долбооруна катышууга даяр. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллер менен Өзбекстандын вице-премьер-министри, транспорт министри Ачилбай Раматов менен жолугушууда маалым болду.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк ар дайым Өзбекстанга каржылык көмөк көрсөтүп келет жана каражаттын көпчүлүк бөлүгү жол курууга берилген. Алдыда Дүйнөлүк банк Өзбекстандын аэропортторунун инфраструктурасын модернизациялоо долбооруна катышууга даяр.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости