Депутат Улукбек Ормонов: Түркия бизден "бет кап тиге аласыңарбы" деп сурап жатат

Депутат Улукбек Ормонов: Түркия бизден

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус оорусу талкууланды. Анда депутат Улукбек Ормонов бет кап тууралуу агынан жарылды.

Анын айтымында, биздин өлкөдө Саламаттык сактоо министрлиги ишканалар менен иштебейт. Коронавируска каршы чаралар жеткиликтүү көрүлбөй жатат.

“Биздин медициналык ишканалар менен Саламаттык сактоо министрлиги таптакыр иштебейт. Канча дары сатылып жатканын да билишпейт. Бир айдан бери бет кап чыгарган компаниялар менен сүйлөшүүлөр болгон жок. Жөнөкөй эле нерсе (маска) ушуну өзүбүз эле чыгарсак болбойбу? Эпидемиянын башталганына канча болду, отурабыз азыр аптекада жок деп”,-деди ал.

Мындан тышкары, Ормонов бет кап тигүүчү ишкана бизде барбы жана кимдер менен сүйлөшүлүп жатканы тууралуу министрликке суроо салды.

Министрлик элчилик аркылуу Түркиялык компания менен сүйлөшүлөр болуп атканын билдирген. Бирок депутат бул чындыкка дал келбесин белгиледи.

“Түркиянын элчиси жалган айтып атат. Алар баардыгына чектөө койгон. Түркиядан бет кап тиге аласыңарбы деп сурап жатышат. Болбогон сөздү айта бересиңерби”,-деди Ормонов.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости