CҮРӨТ-Жалал-Абаддын жаштары баңги затка каршы, спорт менен дос

CҮРӨТ-Жалал-Абаддын жаштары баңги затка каршы, спорт менен дос

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы эл аралык баңгиликке каршы күнүнө карата “Биз баңгиликке каршыбыз” аталыштагы спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Ага Жалал-Абад областы боюнча Баңги мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Саламат Талипов ОИИБныны орун басарлары жана машыктыруучулар, окуучулар катышты. Бул спорттук иш- чаранын негизги максаты жаштарды баңгизаттан алыс болууга чакыруу.

Жакшылык иштерди жасоону үйрөтүү, ошону менен бирге спорт менен жаштардын достугун бекемдөө. Спорт дайыма кылмыштуулуктан арылтып, мекенди сүйүүгө, патриотук сезимин күчөтүү болуп саналат.

Бүгүнкү иш-чарада спорттун Футбол түрүнөн мелдеш өткөрүлүп жатат. Мелдешке жалпысынан 10 команда катышып, соңунда акчалай сыйлыктар, дипломдор жана жеңген командага кубок тапшырылмакчы.

Эскерте кетсек, бул күн 1987-жылдын декабрь айында Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында кабыл алынган деп билдирет Жалал-Абад ОИИБсинин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости