ЧУКУЛ КАБАР. Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана үч районго өзгөчө абал киргизилет

ЧУКУЛ КАБАР. Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана үч районго өзгөчө абал киргизилет

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Жогорудагы аймактарда өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыктарына кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү айтылды.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилери, аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлөрү айтылды.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 16 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын сегизи Сузак районунан, бешөө Ноокат районунан, бирөө Баткен районунан, экөө Бишкек шаарынан катталган

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости