Чубак ажы Жалилов шайлоого катыша албайт. Конституцияга каршы келет

Чубак ажы Жалилов шайлоого катыша албайт. Конституцияга каршы келет

БШК ушул жумада айтылуу дин аалымы, Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов менен анын күйөрмандарын күйдүргөн, ал эми душмандарын сүйүндүргөн кабар таратты. Себеби эгер Чубак ажы Жалилов шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылса, ал өтүнүчү канааттандырылбайт.

Эске салсак, буга чейин дин аалымы Чубак ажы Жалилов ал парламенттик шайлоого катышып калышы ыктымалдыгын, анын да убакыт-сааты келерин радиолордун биринин түз эфиринде билдирген болчу.

«Чубак ажы Жалилов шайлоолорго катыша албайт, себеби ал диний ишмер болуп саналат»,— деп айтылат маалыматта.

Эгер Чубак ажы Жалилов арыз менен кайрылса дагы Конституцияга ылайык, анын каалоосу аткарылбайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын 7-беренесине таянууда. Ал жакта мындай деп жазылган:

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

Айтор, динден саясатка өтөм деген аалымдын жана анын артындагы фанаттарынын тилеги таш капты. Канткен менен Кыргызстан светтик мамлекет болгон соң, Чубак ажы же ага окшогон артынан миңдеген динчилдерди ээрчиткен аалымдардын депутат болом деп, саясатка кадам коюшу опурталдуу жана Кудайга деле эмес, Конституцияга деле каршы келет турбайбы. Молдокелерге Ак үй эмес, мечитке барган гана жарашат.

Мындай мисалды кошуна эле он жылдык жарандык согушту баштан өткөргөн Тажикстандагы “Ислам кайра жаралуу партиясын”түзүп, Абдулло Нурини башына селдедей оронуп алып, ислам мамлекетин курууну көздөгөн чет элдик күчтөрдүн мисалынан билсек болот…

Булак: “Жаңы Ордо”

Назар Новости