Чу дайрасы казактарга Чүйдүн жүздөгөн гектар жерин кошуп берип жатат… Бороновго кулак кагыш.

Чу дайрасы казактарга Чүйдүн жүздөгөн гектар жерин кошуп берип жатат... Бороновго кулак кагыш...

Акыркы он-он беш жылдан бери Чүйдөгү Чу дайрасы Кыргызстан тараптагы жээкти жеп олтуруп, казактын чегин кыйла чоңойтуп жатыптыр. Ал эми казактар ал дайранын өздөрү тараптагы жээгин техника менен мыктылап тосуп алышкан. Биз тараптагы жээктерди болсо суунун агымы барган сайын жеп жатат. Бул тасманы журналист Аркадий Гладилов тартып, соц баракчасына жарыялаган. Буга биздин бийлик, бул маселени карай турган ӨКМ, Чек ара кызматы тиешелүү иштерди аткрабай келет.

Жетиштүү акча бөлүп, жээкти жакшылап тосуп чыкпаса, Чүйдүн жери барган сайын кичирейе берери турган иш. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары да көңүл бурушу зарыл.

Ал эми өкмөт ӨКМ аркылуу тиешелүү чараларды эртелеп көрүүгө милдетүү. Ансыз да 19-кылымда Кемин, Токмок тараптагы далай жерди Чүйдүн айтылуу манабы 40 байталга казактарга карматып коюшканы тууралуу кептер айтыльш келе? Ал кыянатчылыктан кийин, бул кыянатчылыктын тизгинин тарталы, замандаштар! Эң ириде бул маселеге ӨКМ министри Кубатбек Боронов көңүл бурушу керек.

Булак: Багыт.кж

Назар Новости