Чодоңдогон Чодуев качанкыга чейин эркелейт, ыя?

Чодоңдогон Чодуев качанкыга чейин эркелейт, ыя?

Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында 2020-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштардын даярдык иштеринин жүрүшү жɵнүндɵ ɵкмɵт маалымат берди. Кɵндүм адат менен министрлерге кошоматтанган депутаттар кɵп болду. Элге багыт берип аткан кишинин образын жараткан министр Чодуев: «Быйыл аймактар боюнча негиздемени эске алып, дыйкандарга буудай, жүгөрү, пахта, тамеки, төө буурчак, жашылча-жемиштерди жана көп жылдык чөптөрдүн аянтын көбөйтүүнү сунуштадык. Ошону менен бирге быйыл кант кызылчасы менен картошканы азайтуу күтүлүүдө» деди. Түз түшүнгɵндɵ министр быйыл картошканы айдабагыла, баары бир сата албайсыңар деп эле айтты. Тɵɵ буурчак, жашылчажемиш, пахта, тамеки ɵспɵгɵн аймактарга айдаган арпа менен буудай актабай атса эмне айдашыбыз керек министр мырза?!

Ошондой эле суроо-жооп учурунда Жогорку Кеңештин депутаты, коалициялык кɵпчүлүктүн лидери Иса Ɵмүркулов Ɵкмɵттүн эрке талтаңына айланган Айыл чарба, тамак-аш ɵнɵр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кызматка келгенден бери эч кандай ɵзгɵрүүлɵрдү жасай албаганын бетине айтты. «Министр мынча картошка алынды деп айтып жатат. Бул министрдин жасай турган жумушу эмес. Министрлик биринчи кезекте ɵлкɵнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш жүргүзүшү керек. Ал үчүн эл аралык рынокко байкоо жүргүзүп, импортту кыскартуу менен, айыл-чарба ɵнүмдɵрүнүн экспортко чыгышына мүмкүнчүлүк түзүүгɵ тийиш. Мына ошондо ата мекендик ɵндүрүүчүлɵргɵ кам кɵргɵн болобуз» — деди. Чынында эле Чодуев кылчалык иш жасаган жок. Мындай шалаакы министрди ɵкмɵт башчысы эчак эле айдаш керек болчу.

Булак: «De-facto»

Назар Новости