Быйыл "Sports Awards 2020" жаңы форматта өтөт

Быйыл

Быйыл «Sports Awards 2020» жаңы форматта өтөт.Бул тууралуу “Тopsport.kg” сайтында жарыяланган.

Маалыматка таянсак, өзгөрүүлөр негизинен номинациялар жана сыйлоо кечесинин тартибине байланыштуу. Ушул тапта редакция мүчөлөрү Улуттук олимпиада комитетинин адистери менен биргеликте өткөн сезонго саресеп салып, талапкерлерди бекитип жаткан кези. Иш-чаранын күнү так белгисиз, бирок анын январь айынын экинчи жарымында болору анык. Андыктан жыл ичинде өзгөчөлөнгөн ата мекендик спортчуларыбызды, чыныгы майрам күтүүдө деп белгиленген.

Белгилей кетсек, Topsport.kg спорттук редакциясы 2014-жылдан тарта Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо Sports Awards салтанатын ийгиликтүү өткөрүп келет.

Анда талыкпай эмгектенген спорт адамдары даңазаланып, “Баатыр” наамдары тапшырылат.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости