Бүгүн Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү

Бүгүн Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын аймагына Коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 15-февралда, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 15-февралга карата өлкөдө коронавирус чыккан учур катталбаганы айтылды. Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тармактык багыттарда комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык чаралар кабыл алынды.

Зарыл болгон бардык шарты бар байкоо салуучу убактылуу жайлар уюштурулду. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогору дем алуу жолдорунун үлгүлөрү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Текшерүү учурунда бардыгы анализдердин жыйынтыгы чыкканча байкоо салуучу убактылуу жайларга жайгаштырылып жатат. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын аймагындагы жарандарына алардын укугун коргоо жана саламаттыгына кам көрүү максатында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү, кеңеш берүү иштерин улантууда.

Жыйындын соңунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости