Бүгүн Бишкекте асынып алган окуучунун жансыз денеси табылды

Бүгүн Бишкекте асынып алган окуучунун жансыз денеси табылды

Бишкек шаарындагы №16 мектепте окуучу асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.

Мэриянын басма сөз кызматынын берген маалыматты боюнча, өспүрүм видео көзөмөлүнүн зымына (шнур) асынып алган. Жансыз дене бүгүн, 11-февралда эртең мененки саат 05:00дө табылган.

Окуя болгон жерге терөө тобу барып, каза болгон окуучунун өздүгү аныкталды. Маркум – 2004-жылы туулган А.А.. Ал №64 мектептин окуучусу болгон.

Билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, өспүрүм 1-класстан 8-класска чейин №16 мектепте окуп, 2019-жылдын апрель айында спорттук жеке мектепке которулган. Ал эми 2019-2020-окуу жылында ата-энеси жана өзүнүнүн каалоосу менен №64 мектепте окуусун уланткан.

Ал эми мугалим менен социалдык педагогтордун айтымында, А.А. Өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясы жана мектептин катоосунда болгон эмес. Сабакка дайыма келип турчу жана спорт менен машыкчу. Маркум жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгон.

Маалыматтарга караганда, кечээ, 10-февралда окуучу мектепке келип, сабактан кийин мектепте боло турган фестивалга даярданууга катышкан.

Учурда Сверлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости