Биздин замандын "Баатыр энелери"

Биздин замандын

Негизи «Баатыр эне» деген түшүнүк көп балалуу айымдарга айтылып келет. Бирок, сөздүн кыйыр эмес түз маанисинде баатыр эне деген турмуштун кыйынчылыгына туруштук берип, баарын өзү жеңип келе жаткан энелерге айтылышы керек эле деп ойлойм.

Мен төмөндө жазчу 3 айым эмне үчүн баатыр эне? Азыр чечмелеп берейин:

Булардын экөөсү тагдырдын жазганы экен жаш эле кезинде 3 баласы менен жесир калышты. Ал эми Назира Айтбекова көпчүлүк жаштардай эле 2 башка жолго түшүү тагдырына туш болду. Бирок, көпчүлүккө окшоп бул айымдар сынып калган жок. Тескерисинче, балдарынын жетишкендиктерин сүйүнчүлөп кабарлап, балдары жөнүндө постторду жазып, балдары менен болгон кызыктуу, күлкүлүү окуяларын, диалогдорун жазышып, коомчулуктан эчтекени жашырышпай ачык-айкын жашап келишет.

Болбосо бул айымдардын баардык балдары эркек балдар. Уул баланы тарбиялаш аял киши үчүн эле эмес, эркек кишиге деле кыйын экенин билесиздер. Ошентсе да бул 3 айымдын азаматтары көбүбүзгө караганда акылдуу, ыймандуу, мээримдүү, кайрымдуу, тарбиялуу экенин байкап жүрөм. Актилектин балдарындай турмуштун тарбиясын көп эле чоң кишилер дагы көрө элек.

Мектепке барып кел деген жол киресин экономдоп, апасынын туулган күнүнө зер буюмдарын алып берген балдар чанда гана кездешет. Актилектин балдарындай анча-мынча эркектер да аялдарын контролдоп, «ыы, жасанып алыпсыз, каяка жөнөдүңүз?!» деп контролдоп турбайт. Ач калган, ток калган, свети жок калган күндөрүн уялбай эле жазып, жашоо кыйын болсо да балдарын татыктуу тарбиялап келе жатканын ушул эле фейсбуктан көрүп келе жатабыз.

Ошол үч баласы менен үйдө жатып калбай, Баткендин бир айылындагы карапайым үй-бүлөдөгү келиндин өлкөнүн негизги каналынын жүзү болуп иштеши, өзүнчө маалымат каражатын ачып иштетип жатканы эрдик эмей эмне? Айжан Акылбекованы мен мурда таланттуу актриса катары таанычу элем. Кийин Мухтар Өмүракунов каза болгондо билдим, ошонун аялы экенин. Мухтар байкени өтө жакшы тааныйм. Мындан 18 жыл мурун Мухтар байке Гагарин округунан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыгын коет.

Ошондо бул киши бизге окшоп жаңы конушта жашайт экен, өзү бизге окшош тоолук экен деп агитатор болуп иштеп, Ала-Тоодон 80 пайыз добуш алып бергенбиз. Эмгегибизди баалап, Мухтар байке Ак-Өргөдөгү үйүнө чакырып жапжаңы телефон белекке берген. Ал кезде элдер моби кард сатып алып, бири-бирине маяк таштап «Спец27» деген сыяктуу тарифтерди колдонушчу. Мухтар байке 0502524761 деген номердеги корпоратив номерди кошо белекке берип, сенин эмгегиң үчүн баардык сүйлөшүүлөрүңдү биздин компания 3 жыл төлөп берет деп «Биек Каргонун» корпоративине кошуп койгон эле. Бирок, ошол кезде жакшы таанысам да Айжан Акылбекова аялы экенин билбептирмин.

Мухтар байке каза болгондон кийин артында калган балдарын кандай тарбиялап жатканын көрүп эле жүрсөңүздөр керек? Актилектен айырмаланып Айжан айымдын балдары бардар жашоодо чоңоюшту. Акылбекованын бизнести алып кетүү жөндөмү менен балдары эчтекеден кем болбоду. Адатта бардар үй-бүлөнүн балдары эрке-талтаң, жалкоо, тартипсиз болуп чоңоюп калышат го, Мухтаровичтер андай болбоду. Апасынын аракеттери менен ыйман сабактарынан көп-көп билим алышып, көп эле чоң кишилерге караганда дин жагынан түшүнүктөрү зор экенин көрүп келебиз.

Айжан айым да 5 убак намазы менен кошо биротоло диний фанат бодуп хиджап чүмкөнүп кетпесе да, улуттук кийимдерди даңазалоо менен, ислам динин нукура кыргыз болуп деле карманса болоорун көрсөткөн эталон болуп келүүдө. Балдары шахматты тытат, билими, кругозору жагынан көптөгөн аталуу үй-бүлөөлөрдүн балдарын артта калтырат. Эстеп койгула, 15-20 жылдан кийин ушул балдардан дүң деген бирдеме чыгат.


Мурда Назира Айтбекованы жамандаса ишенип жүрө берипмин. Көрсө, Назира ичине эчтеке катпай ичиндегисинин баарын сыртка алып чыга берген ачык-айкын адам экен. Кемпирче сүйлөпч көптү көргөн аялдардай баарлашса көбү ажаан катындардай кабыл алышчу тура. Көрсө, болгону кемпирдин «заводунан» тапталып чыккан продукция тура. «А, бу» дейсиңер, бирок, ушул тапта фейсбукта эң көп пикир калтыруу, лайк, бөлүшүү, сайттарга чыгуу жагынан биринчи орунда Айтбекова турат. Бир туруп аялдарга адвокат болсо, бир туруп эркектерди көкөлөтүп, үй-бүлө, бала, эне, мээрим, турмуш жөнүндөгү «жөн эле ойлорун» баарыңар окуп калсаңар керек? Назира ошончо убакыт фейсбукка убакыт таап жатканы менен канча ишке жетишип жатканын көбүңөр билбейсиңер. Ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин биримдиги аттуу чоң уюмда Кыргызстандын атынан өкүл экенин да билбейсиңер да, чынбы? Аялдын денесине эркектин духу кирип алган бул айым уулун жалгыз тарбиялап келет. Анын баласы ой-жүгүрткөндөй, айрым чоңдор ой жүгүртө албайт. Кече жакында баласы кайрымдуулук иш-чарасын жасады. «Апа, качан күйөөгө тийип мага «братик» төрөп бересиз?» деп кайсы жаш бала айтат?

Негизи, бул 3 айым жөнүндө көбүрөөк жазса да сөз түгөнбөйт эле, узууууун постту окубай койгон жалкоо кыргызды эстеп кетип ручникти тарттым. Негизги максат, коомубузда көбөйүп бараткан жалгыз бой энелердин эрдигине көңүл бурдургум келген. Жалгыз деле татыктуу уулдарды тарбиялап жаткан айымдар башка энелерге үлгү, дем-күч, стимул болсун деген ой го!


Айжан, Назира, Актилек, так держать! Адатта балалуу айымдарды «с прицепом» деп айтып калышат го, мен үчүн силер «с паравозом» деп айткым келет. Силердин баатырлар эртең чоңоюп алышса, үй-бүлөсүн гана эмес, бүтүн өлкөнү сүйрөй турган азаматтардан болуп чыгышат. Көптөгөн тарыхий инсандар силердин балдарыңырдай тагдырдын сыноосунан өткөн күчтүү атуулдардан чыгат. Ушул кетишиңерден жазбагыла! Силердин аракеттиңер үчүн менден таазим, баатырдыгыңарды байкабаган көпчүлүк үчүн жалпы элдин атынан кечирим сурайм.
Балдарыңарга кең келечек, а силерге аялдык бакыт каалайм!

Кудрет Тайчабаров, журналист (Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды)

Назар Новости