Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев эскерилди

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев эскерилди

Бүгүн, 11-февралда Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында мыкты иликтөөчү журналист Улан Эгизбаевдин туулган күнүнө карата «Чындык деп жанган өмүр» аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Аны «Улан Эгизбаев атындагы коомдук Жаштар бирикмеси” уюштурду.

Эскерүү кечесине Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси, жакындары, кесиптештери жана активист жаштар катышты.

Ал эми быйыл 12-февралда Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо 30 жашка чыкмак.

Жаштар бирикмесинин негизги максаты Улан Эгизбаевдин басып өткөн жолун кийинки муунга сактоо жана артта калган ишин улантуу болуп саналат.

Эске сала кетсек, Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУда саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости