Бишкек СЭЗден өкмөттүн кабары барбы?! Депутат Масабиров кореялык инвесторлор талкалап салганын кыйытууда

Бишкек СЭЗден өкмөттүн кабары барбы?! Депутат Масабиров кореялык инвесторлор талкалап салганын кыйытууда

Бишкек Эркин экономикалык аймагынан Кореядан келген инвесторлорго ижарага берилген жерлер кароосуз калды. Бул туурасында бүгүн парламенттеги “жарыш сөз” учурунда депутат Талайбек Масабиров билдирди. Тагырагы ал өзүнө жарандардан келген катты окуп берди.

“- Жалпы жердин 23 гектары 93 жылга, көргөзмө павильиону 93 жылга, экпоцентр 26 жылга жана терминалдын мекемеси 46 жылга берилгендиги тууралуу мына мында жазылып турат. Комуналдык кызматтарга 2 миллион карызы бар экен. Анан анда парк бар экен, ижара акысынан 93 жылга бошотулган. Бирок түшкөн кирешенин 2 % төлөнүп турмак, ал боюнча дагы белгисиз дейт”, — дейт Масабиров.

Масабировдун билдирүүсүндө, бишкектиктердин атынан жазылган бул каттын бир көчүрмөсү өкмөткө дагы жиберилген. Мындан улам эл өкүлү аталган маселеге ыкчам чара колдонуу зарылдыгын белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости