Бир нече жыл эки кызын зордуктаган зөөкүр өмүр бою эркинен ажырады

Бир нече жыл эки кызын зордуктаган зөөкүр өмүр бою эркинен ажырады

Ысык-Ата райондук соту Ядгардын (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Ядгар эмне үчүн айыпталып жатат?

2013-жылдан тартып ал Маргарита (аты өзгөртүлдү, П.М.А.) аттуу аял менен жарандык никеде жашап баштаган. Бул аялдын биринчи никесинен 2000-жылы туулган Александра (аты өзгөртүлдү, П.Т.А) жана 2014-жылы туулган Анфиса (аты өзгөртүлдү П.А.Р.) деген кыздары болгон. 2014-жылы Ядгар Анфисаны короого чыгарып, үйдүн эшигин бекитип, андан соң өгөй кызы Александраны уктоочу бөлмөгө чакырган. Аны чечинтип, андан кийин өзү чечинген. Кыздын каршылык көрсөтүп, ыйлаганына карабай сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасап баштаган. Мындай ишти ал бир нече жолу кайталап, өгөй кызы анын бул аракеттерин бирөөгө айта турган болсо, жакындарын өлтүрөм деп коркуткан. 2015-жылы Ядгар Александраны зордуктап, оозун колу менен жаап, жаман сөздөр менен сөккөн. Ошондой эле өгөй кызын арткы жыныс органынан зордуктап, жабырлануучуну жыныстык мамиледе болууга мажбурлаган. Ал бул өгөй кызынан тышкары Анфисага да бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасап, арткы жыныс органынан зордуктоого аракет жасаган.

Айыпталуучу өзү эмне дейт?

Ядгар күнөөсүн толугу менен моюндабай, жабырлануучуларды зордуктабаганын айткан. 2016-жылы күнү-түнү иштеп, үйгө анда-санда гана уктоого келчү. Эс алгандан кийин кайра жумушуна кетчү. Ошол учурда жабырлануучуларды үйдү жыйнабагандыгы жана тилин укпагандыгы үчүн урушчу, бирок физикалык күч колдончу эмес. Ушул жылдын аягында ал аялы менен урушуп кеткен. Алардын чатагы ажырашууга алып келген. Андан соң Ядгар аялынан уулун алып кетерин айткан. Ушундан кийин аялы жана анын кыздары ага жала жабышкан.

Маргарита эмне дейт?

2017-жылы 29-декабрда таанышы жөнөткөн акчаны алуу үчүн Бишкекке жөнөгөн. Кичүү баласы менен шаарга чыгарда улуу кызы Александра үйгө калууну каалабай тургандыгын айтып, аны ээрчип ыйлап баштаган. Кызы аялдамага чейин узатып барып, өгөй атасы менен үйгө калгысы келбей тургандыгын дагы бир жолу айткан. Ал кызынан эмне болгондугун сураганда, Александра өгөй атасы чечиндирип, денесин кармалап, зордуктарын айткан. Маргарита бул сөздөрдү угар менен ооруканага жөнөгөн. Бирок ооруканада дарыгер болгон эмес. Мындан улам ал Ысык-Ата РИИБге барып, арыз жазган.

Жабырлануучу Анфисанын көрсөтмөсү

«Апам кош бойлуу учурда күн сайын жумушка барчу. Ал эми өгөй атам эжемди өзүнүн бөлмөсүнө чакырып алып, мени көчөгө жиберчү. Александранын ыйлап, кыйкырганы короого чейин угулчу. Мунун баары дээрлик күн сайын болчу. Эжем ыйлап, жуунуп келет, өгөй атам уктап калат. Эжем экөөбүз бул темада сүйлөшкөн эмеспиз. Апама айтайын деп, бирок өгөй атамдан корктум. Ал «баарын бычактап салам» деп айтчу», — деди ал.

Анфисанын айтымында, эжеси менен апасы үйдө болбогон учурда аны да бөлмөсүнө чакырып, кийимин чечип, ыпылас аракеттерди жасап жүргөн. Мындай аракеттерин ал көп жолу жасаган. Акыркы жолу 2017-жылы декабрь айында апасы иниси менен шаарга кеткенде болгон. Ал күнү өгөй атасы Александраны да бөлмөсүнө алып кирип, ал чыккандан кийин Анфисаны чакырган. Ошондой эле жайында апасы төрөлө турган баласына кийим алуу үчүн кеткенде аны уктоочу бөлмөгө чакырып, кийимин чечип, зордуктоого аракет кылган.

«Апам жана Александра үйдө болбогон учурларда сексуалдык аракеттерди жасачу. Апам төрөтканага кеткенде өгөй атам түндө үйгө келди. Мени кайрадан уктоочу бөлмөгө алып барып мурункудай аракеттерди жасады, андан соң мен уктап калдым. Александра экөөбүздү ойготуп, шарап ичүүгө мажбурлады. Мен бир стакан ичип, уктап калдым. Александра ичпей койсо, аны мажбурлап, сөктү. Александра шарап ичкенден кийин өгөй атам аны көпкө кыйнап, эжем ыйлады. Өгөй атам аны кыйнап жанына алып жатты. Ал «жакында апаңар өлөт, сен мага күйөөгө чыгасың» деди. Александраны күнү-түнү кыйнап, уктатчу эмес», — деди Анфиса.

Жыйынтыгында сот Ядгарды күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди. Ошондой эле Маргаританын пайдасына моралдык зыян катары 200 миң сом өндүрүлөт.

Булак: "Турмуш"

Назар Новости