Белгилүү ырчы гүлнур сатылгановадан 40 000 сом акча талап кылган

Белгилүү ырчы Гүлнур Сатылгановадан 40 000 сом акча талап кылган

КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова 10-февраль күнү акылдуу эсептегичтерге нааразачылыгын өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.

Ырчы айым билдирүүсүнө “Ушул "умный счетчике" чейин айына 8 миң же 10 миң сом төлөйт элем. Эми айына 25 миң, 30 миң сомдон төлөп калдым. Болбосо мурдагыдай эле колдоном электр энергиясын. Чын эле алдап жатат окшойт. Эми бир чара көрүш керек болуп жатат. Кайда, кимге кайрылуу керек же контрелорлор өзүнүн каалаган суммасын жазып жатышабы? Себеби, биздин контролер мага келип 40000 сом колума берсеңиз сизге квитанцияларыңыз айына 2 же 3 миң сомдон эле келип турат "- деп айткандан кийин күмөн санап калдым. Демек, контролерлорунан бери өз каалагандарын кылышат экен да…” деп жазылган.

Гүлнур айымдын үнү жогорку жактагыларга жетээр бекен? Жыйынтыгы кандай болот ага көз салып туралы…

Аруужан Булекбаева,NazarNews.kg

Назар Новости