Бекболот талгарбеков: «атамбаев “алгач талгарбеков менен колубаевди өлтүрүп, анан өзүмдү-өзүм атам!” – деп коркутуп жатыптыр»

Бекболот Талгарбеков: «Атамбаев “Алгач Талгарбеков менен Колубаевди өлтүрүп, анан өзүмдү-өзүм атам!” – деп коркутуп жатыптыр»

Бекболот Талгарбеков, коомдук-саясий ишмер:«Атамбаев “Алгач Талгарбеков менен Колубаевди өлтүрүп, анан өзүмдү-өзүм атам!” – деп коркутуп жатыптыр»

“Элдик парламент” түзүлүп, ага саясатта өз орду бар салмактуулар чогулушуп, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына, өлкөнү башкаруу ыкмасына каршы чыгышкан. Ошол топтун лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков болчу. “Элдик парламенттин” лидерлерин Атамбаевдин бийлиги төңкөрүш жасоого даярдык көргөн, бийликти күч менен басып алууга аракет жасап жатат деп камакка алышпады беле. Азыр Талгарбеков баштаган “Элдик парламенттин” өкүлдөрү абакта олтурушат. Бекболот Талгарбеков камалардын алдында чоң маек берген болчу. Эртеси эле күтүүсүздөн колуна кишен салынды. Талгарбеков камакка алынып калып, ошол маек жарыяланбай калган. Бороон алдындагы маек азыр да таасирин жогото элек. Андыктан саясий өйдө-ылдыйдан улам жарыяланбай калган маекти жарыялоо учуру эми келип олтурат.

— Бекболот байке, жалпы кыргызстандыктардын көңүлүн бурган “Элдик парламентти” түзүү эмнеден келип чыкты?

— Мен 2011-жылдан бери Атамбаевдин ишмердүүлүгүн талдап, жылына бирин-экин маек берип келе жатам. Бирок ага эч бир жооп болбойт. Сотко да бере алышпайт, себеби баары фактынын негизинде. Ошондуктан мен башкача аракет кылып, Россиядагы биздин жердештерге чыктым. Алар Кыргызстандын мурдагы атуулдары, кийин Россиянын жарандары болуп калышкан. Азыр жогорку кызматтарда иштешет. Алар дагы Атамбаевдин Кыргызстанды талкалап жатканын жакшы билишет экен. Өлкөнү башкаргандан бери Атамбаев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилени коррупциялык фундаментке коюп коюптур. Мен адегенде үч генерал менен жолуктум. Биздин курам көбөйүп олтуруп азыркы учурда 15ке жетти. Жарымы генералдар, жарымы жарандык таасирдүү кызматтарда иштешет. Алар Россиянын структураларынын атынан чыгып жатышкан жок, Кыргызстанга күйгөн жарандар катары чыгып жатышат. Жада калса бирөөсүнүн – Алиев Бахтиярдын атын атадык. Ал атактуу алгачкы генералыбыз Эргеш Алиевдин небереси. Коррупционерлердин экөөнүн атын атадык. Бирөө россиялык генерал Сергей Беседа, экинчиси Абдил Сегизбаев. Мындан бир жума мурун Беседа ээлеп турган кызматынан четтетилди. Биздин айтканыбызга Россия реакция жасады. Ал эми Атамбаев көрбөгөн, билбеген адам болуп олтурат.

— Сиз деле Аскар Акаевдин убагында Абдил Сегизбаев менен бирге иштегенсиз. Бул жигит деле колу таза жигиттердин бири. Кантип ушундай жаман иштерге аралашып калды деп ойлойсуз?

— Анын шефи Атамбаев башынан эле ууру да. Уурунун жанында жүрсө булганат экен. Мисалы Данияр Нарымбаевди алалы. Ал деле таза иштеп жүргөн жигит болчу. Эмне үчүн ал дагы уурулукка барды? Анткени жетекчиси ууру экенин көрүп жатат да. Акаевдин учурунда Абдил айдан айга эптеп айлыкка жашап жүргөн жигит болчу. Бүгүн ал укмуштуудай байып, өзү гана эмес туугандарын да укмуштуудай байытып жатыптыр. Бул жигиттин пейили бузулуп, жан дүйнөсү акча эле деп калыптыр. Россиядан келген акчалардын көп бөлүгүн кайра тигил жакка алып барат экен. Анын баары документтештирилиптир. Бийлик алмашкандан кийин Кыргызстан менен Россиядагы коррупционерлердин баарынын аты аталып, иштери ачыкка чыгат. Мурда Атамбаев оппозициянын баарын башка-көзгө койгулап кыйын болуп жаткан. Азыр бизден жүрөгү түшүп калды. Анткени анын коррупциялык иштерин Россиядагы достор факты менен даярдап коюшту.

— Саясый оппоненттерин каматканга кыныгып алган Атамбаев сиздерди камай албай жатат… Анын сырын эмнеден көрөсүз?

— Биз мыйзам чегинде гана иштеп жатабыз. Мыйзамдан чыккан иштерди жасоого эч качан барбайбыз. Келгендердин баарына “биз менен бийликти барып басып алабыз деген ой болсо, ачык эле айталы, бизге жолобогула!”- деп айтып жатабыз. Бизде андай ой жок, куралданбайбыз, таш көтөрүп чыкпайбыз. Ал гана эмес 17-майда Ала-Тоо аянтына үй-бүлөбүз менен чогуу чыгабыз. Баардыгы мыйзам чегинде болгону үчүн бул бийликтин эси ооп жатат. Эгер биз мыйзам чегинде болбой, төңкөрүш кылабыз деген болсок, эчак бизди түрмөгө салып коймок. Иштей албаган, дарамети жок, өлкөнү талкалаган президенттен жүйөөлөрүбүздү айтып кутулалы деген ой менен чыгып жатабыз.

— “Элдик парламенттин” кыргыз элине болгон кайрылуусунда ачуу сөздөр айтылды. Сиздердин башкы максат Атамбаевди эле кетирүүбү же жалпы башкаруу системасын өзгөртүүбү? Атамбаев деле кетээр күнү аз калганын дайыма эсептеп келет. Келерки президенттик шайлоону күтсөңүздөр болбойт беле?

— Жок, болбойт. Себеби Атамбаевдин ар бир күнү мамлекетти чоң жоготууга алып келип жатат. Ал мамлекеттин идеологиясына алдамчылыкты, уурулукту, жүзү каралыкты киргизди. Биз Атамбаевден канчалык эрте кутулсак, мамлекетибизди талкалоодон ошончолук эрте сактап калабыз.

— Эгер Атамбаев өз мөөнөтүнүн аягына чейин туруп калса эмне болот?

— Анын бир жылы 5 жыл артка кетүү менен коштолууда. Дагы бир жыл олтурса дагы 5 жыл артка кетебиз.

— Азыр сиз Россиядагы атуулдарыбыздын Атамбаевди кетирүүгө аракет кылып жатышканын айттыңыз. Бакиевди кетирип Атамбаевди алып келүүдө деле ошол ФСБда иштеген генералдардын элегинен Атамбаев да өткөн. Ошондо эмнеге Атамбаевдин ушундай адам экенин көрүшкөн эмес? Алар мындай нерсени өтө дыкаттык менен текшерет эле го?

— Ал учурда Атамбаев өзүнө окшогон Россиядагы коррупционер кишилерди таап алган экен. Алар кыныгып алып колдоп келишкен. Ал эми биз эмнебизди беребиз? Эптеп көрүнгөндөн акча сурап, Москвага барып- келип жаттык. Мекендеш досторго «силерге берчү акчабыз жок» десек, “эч нерсеңердин кереги жок. Жөн гана Кыргызстандын акыбалына жүрөгүбүз ооруп жатат” дешет. Ошондуктан бирге күрөшкө чыктык. Биз ал досторду патриоттор деп жатабыз. Алар чындап мамлекет үчүн күйүп жатышат.

— “Элдик парламенттин” артында ФСБнын генералдары менен экс-президент Аскар Акаев турат деп бийликти колдогон ММКлар божомолдоп жазып жатышат. Ал тургай Талгарбековго азыркы бийликти кетирүү үчүн 10 миллион доллар келиптир деп жазып чыгышты. Бүгүнкү күндө Ак үйдүн алдына 50 миң адам алып келебиз деген сөздөргө эл анчейин ишенбей жатышат? Ушунча адамды аянтка алып чыга аласыздарбы?

— Атамбаев коомго өзүнүн жүзүкаралыгын терең киргизген. Ошондуктан адамдар акча бербесе чыкпайт деген ойду карманып жатышат. Бизге келгендерге “Бир сом бере албайбыз. Бизди угуп колдоп чыксаңар өзүңөр чыккыла. Чыкпасаңар чыкпагыла!” десек «жабыла чыгабыз» деп жатышат. Атамбаевден тажап, чарчап бүтүшкөн да.

— Журналисттерге ар кандай маалыматтар келет. Биз дагы нарындык жердештериңизден сураштырып көрдүк. “Талгарбеков айыл чарба министри болуп турганда алган мал сарайлары барбы? Шаарда дүкөндөрү барбы?” деп. “Эч нерсеси жок” деп жатышат. Бирок Атамбаев бийлиги сизди айыл чарбаны талкалаган адам катары КТР, ЭлТР, ММК беттеринен көрсөтүп жатышат. Эл сиз жүргүзгөн айыл чарба реформасынын жемишин татып жатабы?

— Мага да Атамбаевдин кошоматчылар армиясынан келип, “сиз жүргүзгөн реформаны кандай баалайсыз? Кандай мисал келтирип бере аласыз?”- дешти. Мен аларга “Эң мыкты баа менен баалайм. Мен 1993-жылы айыл чарба министрлигин жетектегенде колхоз башкармалары, совхоздун деректирлери менен биргеликте чыгымдарды эсептеп чыкканбыз. Колхоз-совхоздорду бир жылда өнүктүрүп эмес, жөн гана кармап туруш үчүн 16 миллиард рубль керек болгон. Ошондо Кыргызстандын киреше бөлүмү болгону 2 эле миллиард болчу. Мындайча айтканда 8 эсе көп болуп жатпайбы. Бүгүнкү күндө биздин кирешебиз 100 миллиарддын тегерегинде болуп жатабы? Демек 8 эсе көп болгондо 800 миллиард сомду жылына колхоз-совхоздорду бакканга берип турушубуз керек эле. Анча акчаны бизге кимдер берип турмак? Муну элестете, түшүнө турган адам барбы? Же, “колхоз-совхоздорду сакташ керек эле!” дегендердин акыл-эстери ордундабы? Ал эми бүгүнкү эркин дыйкандар мамлекеттен бир сом албай, тескерисинче, салык төлөп, айыл өкмөттөрдү багып келе жатпайбы! Бул реформанын жемиши да” дедим. Атамбаевдин арамзалыгы ушунда. “Элдик парламентке 105 киши чогулду. Бирок ошол 105 кишинин ичинен жалгыз Талгарбековду каралайбыз деп жатканынын өзү арамзалыктын жеткен чеги. Маселени 105 киши көтөрүп жаткандан кийин “туура көтөрүп жатабы, туура эмеспи” деп угуш керек эле. Атамбаевдин айланасы баары ууру болуп бүтүшкөн. Ошондуктан биз Башкы прокуратурадан өзүнчө бөлүп, Тергөө комитетин түзөлү деген оюбуз бар. Тергөө комитети Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги шылуундардын катышы бар деген акыркы алты жылдагы кылмыш иштердин баарын карап чыгат. Бул жерде жүздөгөн кылмыш иштери ачылат. Ошондуктан жандалбастап жатышат. Эмне үчүн баардык маселени өзүнө алган Атамбаев Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаевди спикерликке өткөрбөй койду? Анткени, Чыныбай Турсунбеков “кокуй, мени Төрага кыла койбосоңуз “Элдик парламент” мени кара тизмеге кошуптур. Эптеп коргонуп алайын” деди да. Атайын оюн кылып спикер болуп алды. Бирок андан эч нерсе чыкпайт. «Элдик парламент» Турсунбековдун ким экендигин кыргыз элине ачып берип, кылмыш жообуна тартат.

— Көп жыл унчукпай жүрүп, анан Талгарбековдун катуу чыгып жатканы анын президент болуу амбициясы дешет. Президент болоюн деген оюңуз барбы?

— Коомдук пикир Атамбаевдин арамза көз караштарына көнүп калган. Ал бийликти басып алып, бийликти менчиктештирип алды.

“Дагы бирөө келип, бийликти басып алып, менчиктештирип алат го” деген өзүнүн оюн журналисттердин оозу менен айттырып жатат. “Элдик парламентте” 20 киши кеңештин мүчөлөрү болуп эсептелинет. Бизде лидер жана лидерлер деген түшүнүк жок, укуктары тең. Атамбаев отставкага кетээри менен өкмөт дагы отставкага кетет. Элдик парламент Жогорку Кеңеш менен сүйлөшүүгө өтөбүз. Биздеги 20 кишиден бирөө көрсөтүлөт. Демек ал премьер-министр ошол эле убакта президенттин милдетин аткаруучу болот. Бизде буларга окшоп бийликти басып алып, ошол бойдон мыкчып олтуруп алуу ой жок. Шайлоолорду таза өткөрүү үчүн шарт түзүшүбүз керек. Президент болчу киши дагы шайлоо комиссиясына таасири жок болгудай шарт түзөбүз. Акчанын жарышы эмес, программалардын атаандашуусу болсун.

— Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин ким экендигин жөнөкөй жаран катары кандай баалайт элеңиз? Ушундай өлкөдөгү саясый, экономикалык кризиске алардын да салымы болсо керек?

— Мен бийликте турган президент жөнүндө гана айтам. Бийликтен кеткен президенттер жөнүндө сөз кылбайм. Мисалы, мен Бакиевдерди сындагандардын алдыңкы саптарынын биринде болчумун. Бакиев кеткенден кийин анын дарегине бир дагы сын айткан жокмун. Кеткен президенттердин ишин кароо, талдоо деген тарыхчылар жана, эгерде кылмыш кылган болсо, тергөөчүлөрдүн иши. Саясатчылар артты карап алып тигиндей, мындай деген туура эмес. Ошондуктан, мен кеткен президенттерге эч кандай баа бере албайм. Аны эл, мезгил таразалап алсын. Атамбаев президенттиктен кетет. Менин сындоом Атамбаевге карата ошол күнү токтойт. Менин принцибим ушундай. Бир жолу жаран катары айтышым мүмкүн. Андан нары эч качан кылчайбайм. Ал эми Атамбаев барган жеринде эле Акаев менен Бакиевди каралап, асыла берет, деңгээли ошол.

— Кандай болгон күндө дагы Атамбаев деле эч нерсе жасаган жок деп айтуу туура болбой калат го. Мисалы Акаев, Бакиев президент болгон учурда алмак тургай Каримовго ошол суроону бере албаган баштагы бийликке караганда Атамбаев суу сактагыч, каналдарды ал тургай Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларды Өзбекстандын менчигинен Кыргызстанга алды го. Бул чечкиндүүлүкпү же мамилени бузуунун кадамдарыбы?

— Бул мамлекетке чоң сокку урду. Мен Жалал-Абадда губернатор болуп иштегем. Биздин эл менен Өзбекстандын эли бири-бири менен алака кылып жашап, биздикилер көбүрөөк утчу. Анткени биздин айылдар менчикке өтүп калган, аларда колхоз-совхоз. Алар бизге жер семирткичтерин, күйүүчү- майлоочу заттарын техника, тетиктерин түн ичинде алып келип таштап кетишчү. Ал эми Атамбаев чек ара маселесине келгенде “Эки жылдан кийин Ислам Каримов өлөт. Ошондон кийин чек ара маселеси чечилет” дейт. Ушул да президенттин сөзүбү? Атамбаев Каримов өлөт деп жатып, Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилесинин баарын бууп салды. Мурда Акаевдин учурунда газдын миң кубун 42 доллардан сатып алчубуз. Ошонун 21 долларын анык берчүбүз, ал эми 21 долларына товар менен деп биздеги өтпөгөн товарларды айдап жиберчүбүз. Мындайча айтканда 21 долларга алчубуз. Атамбаев келген жылдары 245 доллардан алып жатпадыбы? Ошону менен мурда карыз жок болсо, 2014-жылы “Кыргызгаз” 40 миллион доллар карыз болуп калды. Бул деген Атамбаевдин өлкөгө опол тоодой чыккынчылыгы, кыянатчылыгы деп билем.

— СССР кыйрагандан кийин өзүңүз деле чоң кызматтарда турдуңуз. Эмне үчүн ошондо эле Өзбекстандан эс алуу жайларын алып койгон жоксуздар?

— Жакында мен Өзбекстандын эс алуучу жайларында иштеген адамдар менен сүйлөшүп көрдүм. Көрсө Атамбаевдин шериктери өздөрүнүн кишилерин жетекчи коюшуп, эс алуучу жайларды атайын банкроттук абалга алып келип, бир нече миллиондорго карыз кылып ташташыптыр. Өзбекстан андай карыздарды төлөгүсү келбейт да. Эми, Атамбаевдин шериктери ал эс алуу жайларды менчигине чыгарып алышат.

— Ошол жерде Казакстандын деле эс алуучу жайларынын карыздары абдан көп. Эмнеге аларга ушундай мамиле жасай албай жатышат?

— Атамбаев качса Казакстан, Өзбекстанга бара албайт. Россия менен Түркия азыр өзүнүн эшигин жаап коюшту. Сауд Арабия менен Катар да баш тартты. Индия да кабыл албастыгын айтты. Атамбаев Казакстандан Каркыраны көтөрбөгөндүгү үчүн, экинчи эс алуучу жайларына тийбегендиги үчүн үмүт кылып турат. Эске салсак, Атамбаев оппозицияда жүргөндө «Назарбаевге чөгөлөп болсо да Каркыраны Кыргызстанга алам» деп ооз толтура көп айтчу да.

— Мен башка президенттердей болуп качпайм, айылымда жашай берем деп жатпайбы?

— Бул курулай мактануу. Эч качан өз айылында жашай албайт. Эгерде өз айылында жашайм десе Кыргызстандын армиясын курал- жарагы менен менчиктештирип кетиши керек. Жок дегенде Арашанда 50 миң аскер менен коргонуусу зарыл. Болбосо муну Каддафидей кылып өлтүрөбүз деп жатышат. Аттарын атабай эле коёюн. Кээ бир саясатчылар“силерге каршы күрөшөбүз, силер Атамбаевди качырып жибергенге мүмкүнчүлүк беребиз деп жатасыңар. Андан көрө жарым жыл күтөлү, анан кармап алабыз!” деп жатышат. Менин түшүнүгүмдө, президент Атамбаев учурда кайнаган вулкандын үстүндө олтурат. Эртеңки күндө эмне болоорун билбейт. Куру кыялдын туткуну. Реалдуулук менен иши жок.

— Биздин эл ошондой даражага жетип калды деп ойлойсузбу?

— Ошондой даражага жетип калыптыр. Тынбай каргап-шилеп жатышат. Далайларды сыздатып-боздоткондугу үчүн Америкага кетип калса да табабыз дегендер бар. Оппозиция Атамбаевди Каддафидей кылып өлтүрүп койсо бүткүл дүйнөгө жырткыч көрүнөбүз. Андай жолду биз колдобойбуз. Ошол эле Россиядагы мекенчил достор айтып беришти. Каримов Атамбаевди кызматынан кеткенден кийин “Марска учуп кетсе да таап Өзбекстанга алып кетем” деп жатыптыр.

— Эмне үчүн азыр эмес?

— Азыр алып кетсе, эркин мамлекеттин президентин алып чыгып кеткен болуп, согуш чыгып кетиши мүмкүн. Биз Атамбаевдин өзүн сыйлабасак да, кызматын сыйлашыбыз керек. Эгерде аны Өзбекстанга алып кетип жатса коргошубуз керек да, мен Атамбаевди жек көрсөм да ага болушмакмын. Бул биздин мамлекеттин аброю. Кийин алып кете берсин.

— Сиз маектериңизде да айтып жатасыз. Россиянын генералдары менен пикирлешпиз дедиңиз. Бир кезде ак желегин көтөрүп, өз уруусун орустарга кошкон Боромбайга, андан кийин түштүк кыргыздарды кырууда орустар тарап болгон Шабдан баатырга салыштырып жатышат. Россиянын алдына чөгөлөтүп бергенге кадам шилтеп жатат деп айтып жатышат?

— Биз Россиянын расмий бийлиги менен иштешкен жокпуз. Россияда иштеп жүргөн, мурдагы мекендештерибиз менен иштешип жатабыз. Алар тажырыйбалуу болгондугу үчүн бизге кеңеш берип, коррупциялык схемаларды ачканга жардам берип жатышат. Биз «президенттик администрация, өкмөт же сот бийлиги менен иштешип жатабыз» дегенге акыбыз жок. Ал структуралар эмес, ошол жакта иштешкен кишилер коомдук негизде биз менен байланышып, жолугуп, жол көрсөтүп, көзүбүздү ачып жатат. Демек биз Россиянын расмий структурасы менен иштешпегенден кийин кантип Кыргызстанды Россияга чөгөлөтүп беребиз?

— Чалгындоо кызматынын офицерлери пенсияга чыкканда да иштей берет деп коюшат. Балким орус бийлиги мурун иштеп кеткен адамдарын сиз аркылуу иштетип жаткандыр?

— Биз алардын тазалыгына, пейилинин актыгына ишенип жатабыз. “Элдик парламентти” бийликке алып келсек, анан ГЭСтерди курууну же болбосо кендерди Россияга бергиле деген сыяктуу шартты эч ким койгон жок.

— Балким сиздер кызматка келгенде шарттарын коёттур? Балким алар өз саатын күтүп тургандыр деп ойлобойсузбу?

— Шартын койсо биринчи кезекте биз Кыргызстандын жараныбыз, патриотторубуз да. Бирок мен бир нерсени байкадым. Эгер элибиз Атамбаевден кутулса, ошол достордун жардамы менен көп утушка жетчүдөй экенбиз. Мисалы, Тажикстан менен Өзбекстан биздин мамлекет менен дайыма чек ара үчүн чырдашат. Атышуулардан адам өлүп, эл азап чегип жатат. Биздин россиялык генералдар Каримов, Рахмон менен сүйлөшүп, документ менен баарын тактап коюшуптур. Атамбаевден кутулаарыбыз менен чек ара маселелерин чечип алат экенбиз. Бул эмне, жаманбы? Мен Россияга барып көп адамдар менен сүйлөшүп көрдүм. Кыргызстанга көп инвестиция алып келсе болот экен. Булар болсо, тескерисинче, биздин акчаларды Москвага кайра ташып жатыптыр.

— Атамбаев Кремлде эки жолу, ал тургай Куранга колун коюп “президенттиктен мөөнөтүнөн мурда кетем” деп сөз бергени чынбы? Ошондой эле Атамбаевдин мураскор тандоосуна да токтоло кетсеңиз…

— Биринчи жолу Атамбаев менен сүйлөшүп “мамлекетти талкалап жатасың, коррупциялык мамиле кылуудасың. Сен эми тынч эле кетип калбайсыңбы?” деп биздин Россиядагы достор айтышыптыр.

Анан ал Куранга колун коюп “шайлоону өткөрүп алып, анан өткөрүп берем” дептир. “Президент айтты, Куранга колун койду” дешет. “Ой, ал башынан эле алдамчы, сиздерди да алдайт” дегем. Быйыл февралда фактыларды дагы көрсөтүшүп, “мунун баары ачыкка чыкканча кетип калбайсыңбы?” - дешсе, Атамбаев кызматын ишенимдүү кишисине өткөрө коюп кетип калууну ойлонот. Биринчи Абдил Сегизбаевге ишеним артып, “Россиядагы адамдарга жолугуп, алардын жардамы менен ишеним алып кел” деп жөнөтөт. Биз аны бараардан бир жума мурун билгенбиз. Так ошондой болду, ал жактагы таасирдүү көп адамдарга кирди. “Болуптур, президент болот экенсиң. Мамлекетти башкаруу боюнча такыр тажрыйбаң жок экен. Бир күн өз кесибиң менен агроном болуп иштебепсиң. Кандай программаң бар?” дешсе, бир гана “Алмаз Шаршенович мага ишенет!” деген программасы бар экен. “Бала, бар эми жолуңа түш” деп акырын Кремлден узатып коюшуптур. Анан Темир Сариевге мүмкүнчүлүк бериптир, анын байланыштары көп. Анын үстүнө ага бийликти өткөрүп берүү абдан жеңил болмок. Ал Россияга барып аракет кылат. Жада калса Атамбаев экөө чогуу учуп барышкан. Ал жерден Сариев дагы колдоо тапкан эмес. Бизге жеткен маалымат боюнча Темир азыр “Атамбаев мени чаптыбы, мен да буга көрсөтөм” деп жатыптыр. “Бул жигит ток эле болчу, эмнеге ушундай ишке барды?” деп ойлоп жаткам. Көрсө Атамбаевге ишенип алып коррупцияга малынган окшойт.

— Аскар Акаев өз маегинде “Камбар-Ата 1 таптакыр курулбайт” деп айткан экен. Анткени биздин жетекчилер берген кредиттерди уурдай берсе, жесе, алар деле таза адам келгенче жаптырып коёлу дешсе керек.

— Россиялыктар кыргыз бийлигинин быссымылда дегенде эле коррупциялык жол менен кеткенин көрүштү да. Ошондуктан алар каржылоону токтотуп коюшкан. Каржылоо токтоору менен Атамбаев: “булар бизди каржылай албайт” деп чыкты. Аныгында Россия үчүн 2–3 миллиард доллар кеп деле эмес. Орточо компаниянын эле бюджети.

— Демек сиздер бийликке келсеңиздер бүтө турган иш экен да?

— Эгерде “Элдик парламент” бийликке келсе, ири ГЭСтерди куруу алдын ала коңшулар менен сүйлөшүлөт.

— Коңшуларыбыз, мисалы Өзбекстан каршы болуп жатпайбы?

— Коңшулар каршы болсо биз ага эч качан барбайбыз.

— Мисалы Өзбекстан, Казакстан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын бизден сурабай эле жүргүзүп жатышпайбы. Биз эмне үчүн чечкиндүү кадамдарга бара албай жатабыз?

— Көп мамлекетти аралаган суу бир мамлекеттин менчиги эмес. Бул боюнча эл аралык документтер бар. Башка мамлекеттердин макулдугусуз чечилбейт. Россияга барып, досторго ыраазы болдум. Бизде альтеранативдүү энергия өндүргөнгө мүмкүнчүлүк көп экен.

— Мисалы?

— Мисалы көмүрдөн электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар. Биз көмүр кенинин запасы боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына киребиз. Өзбекстан менен каршылашып, “билгениңерди кылгыла!” дегенден көрө, альтернатива-энергетиканы өнүктүргөн оң. Алар менен экономикалык жактан байланышты жакшыртсак да утуш гана болмок.

— СССР кезинде Өзбекстан менен байланыштырган темир жол бар эле. Жолдорду талкалап олтурбай, бат дагы жетмек. Ошол темир жол менен түштүккө бара турган жүргүнчүлөрдү, ар кандай жүктөрдү азыр Ош-Бишкек жолу менен ташып, жолду талкалап жатышат…

— Былтыр Атамбаев “Датка- Кемин” ЛЭПти “кылымдын курулушу болду. Өзбекстандан толугу менен көз карандысыздыктан чыктык” деп мактанды эле, көп кишилер ишенип, абдан кубанды. Бул негизи Максимдин проектиси болчу. Бул проект эгерде ири ГЭСтер курулса гана пайда алып келмек. Образдуу айтканда жайлоодон бир фляга сүт алат элек деп КАМАЗды жиберип ийгендей эле кеп. Энергетиктер менен сүйлөшсөм: ”качан гана ири ГЭСтер курулуп ишке кирсе, анда Датка- Кемин ЛЭП натыйжалуу иштейт” деп далилдеп беришти. Чынын айтканда, Атамбаевдин «кылым проектиси» чалажан проект болуп калыптыр.

— Атамбаев президент болгондон бери тышкы карыздар аябай өсүп кетти деп сындап жатышат…

— Тышкы карызыбыз 2005-жылы 1 миллиард 350 миллион доллар болчу. 2010-жылы 2 миллиард доллар болгон. Азыр 3 миллиард 800 миллион доллар болду. Атамбаевдин кыргызга кылган кыянатчылыгы ушунда. Мурда биз карыздарды каржы институттарынан, Бүткүл дүйнөлүк банктан, Азия банкынан алчубуз. Алардын баардыгы 40 жылдык мөөнөт менен, 10 жылдык каникул, 0,7 пайыз менен берчү. Атамбаев болсо Кытайдан 3 пайыз менен 20 жылдык мөөнөткө алып жатат. Бул деген кылмыш, жарык дүйнөгө келген ар кыргызды карызга мойнунан байлап берип жатат. Кытайлар өздөрүнүн фирмасын алып келип иштетип жатышат. Мисалы, биринчи Ош-Бишкек жолун алалы. Анын 1 километри 250–300 миң доллар менен бүткөн экен. Азыркы салынып жаткан экинчи жол орточо эсеп менен 2,5 миллион болуп жатат. Мындайча айтканда кытай өкмөтү 800 миллион доллар берсе, алар болгону 300 миллион долларга куруп, 500 миллионду алып кетип, андан тышкары дагы өлкөбүздү карыз кылып, мойнубузга илип жатат. Азыр Бишкек ТЭЦи 386 миллион долларга оңдолууда. Адистер болсо 70–80 миллионго эле реконструкция кылса болмок деп айтып жатышат. Эмнеге Кытай Атамбаевди урмат-сыйга бөлөп тосууда? Анткени анын элдин кызыкчылыгын ойлобогон, экономиканы түшүнбөгөн адам экенин сезип жатышат да. Кытай бийлиги Атамбаевди далыга таптап, кызыл килем менен бастырып коюп, ошол курулуштарда кытайларды иштетип, аларды жумуш менен камсыз кылып, берген акчаларын кайра алып кетишүүдө.

— Кан менен бийликке келген Атамбаев Талгарбеков кет десе эле кетип кала турган адам эмес деген да пикирлер бар. Силер элди аянтка алып чыксаңар, Атамбаевге берилген министр Мелис Турганбаев күч колдонсо эмне болот деп ойлойсуз?

— Биз кайрылууда жаздык. Атамбаев кан төгүүгө даярданып жатат. Себеби кан төгүп келген, кан төгүү ага көнүмүш иш. Ал жерде фамилиялардан бери жаздык. Абдил Сегизбаев, Мелис Турганбаев, Чыныбай Турсунбеков, Тургунбек Кулмурзаевдер ошого түртүп жатышат. Бул төртөө “ителгилер”. Булар элди канга чылап болсо да бийликти сактаганга аргасыз. Анткени, Атамбаев кетээри менен төртөө тең камалып, узак жылдарга соттолуп кетиши мүмкүн. Ал эми Атамбаевдин башка жакын жан жөкөрлөрү — ​Туйгунаалы Абдраимов, Иса Өмүркулов, Икрамжан Илмиянов, Эркин Мамбеталиевдер — ​“көгүчкөндөр”. Алар “бийликти элге өткөрүп бериңиз” деп Атамбаевге жалынып-жалбарып жатышыптыр. Бирок Атамбаев “ителгилерди” угуп, кыргыз элине 2010-жылдагы апрель жана июнь айларындагы кан төгүп көнгөн адаты басымдуулук кылып, “кырам, согушам!” деп элирип, эч кимге моюн бербей жатканын чекисттери бизге айтып беришти. Биздин маалымат боюнча, Атамбаев эртең менен бийликти өткөрүп берейин дейт экен. Түштөн кийин “он-жыйырма миң кишини куралдандырып койдук. Өзгөчө топ бар, булардын баарын талкалайт. Чаңын асманга чыгарабыз!” десе Атамбаев шерденип калат экен. УКМКдан кызматкерлер бизге жан тартып маалыматтарды беришүүдө. Атамбаевге досу Азиз Батукаев да жардам бере турган болуптур.

— Азыр бизде түндүк-түштүктү бириктирчү жаңы жол салына баштады. Ушул жолдун бизге кереги бар беле?

— Мисалы мага 3–4 костюм керек, бирок акчам жетпей жатса бирөөнү тазалап кийип турбаймынбы? Ушундай эле иш. Ички жолдорду оңдосок, бай болсок, анда бул жол керек. Ички жолдордун баары талкаланып жатса, иштете албай жатсак, анан экинчи жол салып жатсак. Атамбаев “мени көрө албай жатышат” дейт. Адегенде ички жолдорду оңдоп бер, анан сала бер, Кудай жалгасын. Экинчи жолду он эсе кымбат, карызга салып жатканын Атамбаев элге ачык айтпайбы?

–25 жылда элдин психологиясы, көз карашы такыр өзгөрдү. Өзгөчө азыркы жаштар Чыңгыз Айтматовдой, Болот Миңжылкыевдей, Төлөмүш Океевдей атактуу адам эмес, коррупционер депутат болгусу келет. Ушул образды өзгөртүү үчүн аракет кылып жатасыздарбы?

— Ошол образды өзгөртүү үчүн аракет кылып, ачык-айкын айтып жатабыз. Саясый партиялардай болуп күрөшкөн жокпуз. Бизге эч ким демөөрчү да болгон жок.

— Бай менен кедейдин күрөшү болот экен да демек…

— Миң жыл мурун улуу акылман Конфуций “Эгерде кедей өлкөдө жашап, бай болсоң акмакчылык, эгерде бай өлкөдө жашап кедей болсоң анда бул да акмакчылык” деп айткан. Демек, биздин байлар — ​акмактар. Кыргызда эч качан эпосунда, санжырасында, ооз эки чыгармасында, жомогунда байларын мактаган эмес. Шылдыңдашкан, мазакташкан. Кыргыздар баатырларын мактаган. Кыргыздар бир гана “тың жашагыла” деген. Бизди байлар башкарып калды. Ошондуктан элдин психологиясы бузулду. Бийликтеги байлардан, ууру-кескилерден арылтып, жакшы системаны түзөбүз.

— Сиздердин 17-майда, «Кыргызстанды Атамбаевден кутултабыз” деген максатыңар жалпы элдик колдоого ээ болууда. Кетишине ишенсек болобу?

— Атамбаев жана мансап — ​бул Кентаврдын башы жана тулкусундай эле жалгашып, биригип калган нерсе. Россиядагы достордун айтымында, Атамбаев учурда аларга чыгып, “алгач Талгарбеков менен Колубаевди атып өлтүрүп, анан өзүмдү өзүм атам!” деп коркутуп жатыптыр. Ооба, Атамбаевдин психикасы ордунда эмес. Андай арамза, куйту адамдан түркүн айла-амал күтсө болот.

Булак: Жаңы ОРДО

Назар Новости