Балдар асырап алган ата-энесинин кордугуна чыдабай качып кетишкен

Балдар асырап алган ата-энесинин кордугуна чыдабай качып кетишкен

Россинын Урал регионунда балдар үйүнөн асырап алган ата-энесинен эки бала качып кетти. Бул тууралуу Ura.ru басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар багып алган ата-энесинин кордугунан чыдабай качып кетишкен. Аларды күйөсү менен аялы биригип алып, кол көтөрүп, суукта ич кийим менен эшикке чыгарып коюшчу. Ошондой эле мылтык менен кортушкан.

Белгилүү болгондой, балдар жаңы үй-бүлөгө 2013-жылы келишкен. Ал учурда алар тогуз жашта болчу. Асырап алган ата-энелери уйдун, торпоктун жана чочколордун аркасынан тазалатып, аларга тамак бердирип, оокаттын барын кылдырышкан.

“Ата-энебиз жем менен мүшөктөрдү алып келишчү. Биз аларды киргизип, жылуу суу куюп…Эки-үч чака менен чочколорго берчүбүз. Алар бизди жумуш үчүн гана алышканын айтышты”,-деп балдардын бири айтып берген.

Жаңы үй-бүлөгө келгенден кийин эле балдар ур-токмокко жана зомбулукка кабылышкан.

“Мен уйду айдап келген үчүн таяк жегем. Атам уйдун мүйүзүнөн жип менен жетелеп келиш керек деди. Ал баскан жок, мен жипти чечип айдап келдим. Ал көрүп калып, мени тартып алды. Мен каршылык көрсөттүм, бирок ал мени сүйрөп баратты…”,-деп өспүрүмдөрдүн бири айткан.

Мындан сырткары, балдардын айтымында, аларга ата-энеси конокторду чакырууга тыю салган, эгер укпаса сабашкан жана мылтык менен “өлтүрүп, көмүп салабыз” деп коркутушкан. Балдардын бири багып алган ата-энесинен баш тартып, кайрылуу кат жазган. Бирок, натыйжа чыккан эмес. Жаза катары аны ич кийими менен суукта эшикке чыгарып коюшчу. Мындай окуялардын биринен кийин өспүрүмдөр балдар үйүнө кайтууну чечишет.

Балдарды асырап алган киши күнөөлөрдү моюнга алган жок.

“Эгер ушунун баары болсо, кошуналар көрмөк да. Айылда баары көрүнүп турат”,-дейт.

Кишинин айтымында, балдарды эмгекке болгон сүйүүсүн жана улууларды урматоону үйрөтөлү дешкен. Ал балдарды ага каршы коюп жатышат деп шек санап жатат.

Курган облусунун балдар укугун коргоочу Алена Лопатинанын айтымында, аталган факт боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, бала бакчанын администрациясы асырап алган жубайларды балдарга кылган мамилесин текшерип чыгышаарын маалымдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости