Унааларга баалар түшөт. Чет элдик унаалар бекер импорттолушу мүмкүн

Унааларга баалар түшөт. Чет элдик унаалар бекер импорттолушу мүмкүн

Кыргызстанга үчүнчү өлкөдөн импорттолуучу унааларга кошумча баа салыгынын өлчөмүн 0 пайызга түшүрүүнү көздөп жатышат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ал жеке тараптарга тиешелүү болот.

Бул мыйзамдын кабыл алынуусунун негизги аргументи 1-январдан тартып үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келген унааларга бажы салыгынын көтөрөлүшү болду. Аны менен өлкөдөгү автопарктын жаңылануусу кечеңдей түшүшү мүмкүн. Ошондуктан ал жагдайды болтурбоо максатында жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Экономика министрлиги унаа импорттой турган жарандарды кошумча баа салыгынан 3 жылга бошотууну пландоодо.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости