Азимбек Бекназаров: "Жээнбеков Атамбаевден бөлүнүп кетсе, Атамбаев ага "оппозиция" болот. Ким утат?"

Азимбек Бекназаров: "Жээнбеков Атамбаевден бөлүнүп кетсе, Атамбаев ага "оппозиция" болот. Ким утат?"

– Азимбек Анаркулович, көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз. Ден-соолук жакшы элеби?

– Ден-соолук жакшы. Бийлик алмашты, доор алмашты, жаңы бийликке мүмкүнчүлүк берели, унчукпай туралы, бир нерсе десем эле “Бекназаров дагы минтип атат” дебесин деп, жаңы бийлик Кыргызстанга жаңы максат, жаңы идеяларды алып келет деп үмүттү үзбөй жатабыз да.

– Сиз сыяктуу карт саясатчылар жөн жатпай калды го. Саясий абалга анализ жүргүзүп, коомдогу абалга көз салып, мезгилдин күрөө тамырын кармаганга аракет кыласыңар да?

– Ооба, абалга көз салып, анализди жүргүзүп жатабыз. Өзүбүздүн ТЭК (Туруктуу элдик кеңеш) деген уюмубуз бар. Эки күн мурун жыйын өткөрдүк. Сооронбай Жээнбеков мамлекетти жүз күн башкарды, эмне өзгөрдү? Талкуулаганга жетиштүү эле мөөнөт болду деп, март айынын аягында же апрель айындабы Улуттук Курултай өткөрүүнү чечтик. Жаштар, улутчул-мекенчил күчтөр жаңы президентке каалоо айтып, ушул иштерди жасаңыз деп түрткү бербейлиби деген сунуш болуп, көпчүлүк добуш менен Курултай өткөрүү чечилди. Бүгүн коомчулукта айтылып жаткан негизги көйгөйлөрдү ошол жерден талкуулайлы дедик. Курултайды өткөрүү комиссиясын түзүп, демилге көтөрүп жаткан жаштардын өзүнө тапшырдык. Уюштуруу комиссиясынын төрагасы кылып Айбек Бусурманкуловду дайындадык. Кудай буйруса үнүбүздү айтып алабыз, жөн жатып албайбыз. Мамлекет бир эле Жээнбеков же Атамбаевдики эмес.

– Демек, жөн жатпай жаңы президенттин кадамдарына анализ жүргүзүп аткан экенсиз. Жээнбековдун жүз күндүгүндө жаңы идеяларды, жаңы кадамдарды көрө алдыңызбы?

– Сооронбай Жээнбеков жүз күндүн ичинде жок дегенде өзүн толук кандуу Кыргызстандын президентимин деп моралдык-саясий жактан эсептей турган мезгил болду деп айтам. Анткени, ал КСДПнын чечими менен президенттикке аттанган. Мурдагы президент Атамбаев өзү жеке колдоп жүрүп КСДП менен биргеликте президент кылды. Дароо эле өзүн бий­ликке алып келген Атамбаев же КСДПнын башын аттап бир нерсе деп айтып чыгуу азыркы президент үчүн кыйын. Эгер антип чыга турган болсо, ал ошол эле Бакиевдин, Атамбаевдин кейпин кийип калмак. Суу ичкен кудугуна түкүргөн адамдай болуп. Бакиев дагы, Атамбаев дагы өзүн бийлик­ке алып келген адамдарга тескери мамиле жасаган, куугунтукка чейин алган. Жаңы адамдар менен башкарам деп, кайрадан мурунку бийликтин кошоматчы-сойкулары менен мамлекетти башкарган. Сооронбайда жүз күндүн ичинде “Мен президентмин” деген ички сезим пайда болгон болуш керек. Бирок, сырткы көрүнүшүндө “Мен президентмин. 6 жылда ушул иштерди аткарам” деген президенттик программаны айткан да жок. 7-апрелге чейин КСДПнын чоң курултайын өткөрүп, ошондо айтса керек деген ойдомун. Бүгүн КСДПнын лидери Сооронбай Жээнбеков. Ал президент болгонго чейин мурдагы саясат менен жүрдү. Азыр КСДП бийликтин партиясы. Президент болгондон кийин бийликтин партиясы Кыргызстанды кайсыл жолго алып барарын айтышы керек. 7-апрелге чейин айтпаса, андан нары айталбайт.

– Азике, сиз “Жээнбеков жүз күндүн ичинде өзүн толук кандуу президент ка­тары сезген мезгил болду” деп айттыңыз. Бирок, коомдо “Жээнбеков толук кандуу президент боло албай жатат. Мурунку президенттин таасири күчтүү болууда. Ошонун командасы иштеп жатат” деген пикир басымдуу болуп жатпайбы?

– Туура, бирок ошол пикирди жаратып жаткандар Сооронбай менен Алмаздын ортосуна жарака кетирели деген адам­дар. Мамлекетчил, улутту ойлогон адам буга көп басым жасай бербеши керек. Жээнбеков президент болуп олтурушуна Атамбаев менен КСДПга милдеттүү. Ал “Атамбаевдин алдынан чыга албай жа­тат” деген адамдарга милдеттүү эмес. Эң башкысы, мамлекеттеги стабилдүүлүктү кармаш керек. Атамбаевди “жаман эле жаман” деп жалаң жаман жагынан айтып келебиз. Ал бийликте олтурганда мен дагы жаман жагын көп айттым. Бүгүн ал кызматта эмесинде жакшы жагын айтып өтөйүн. Атамбаев бирөөгө жагабы-жакпайбы 6 жылда мамлекетте саясий-экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылды. Ошол эле учурда душмандарды да көп күттү. Эки революциянын максаты болгон эң жогорку бийликтин Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө алмашып турушун камсыз кылды. Прогрессивдүү жаштарды колдоп, бийликке алып келди. Үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик же болбосо таасир берчү кызматтарга алып келген жок.

– Ушул жерден токтоңуз. Шоопуру, жансакчы, катчысын бийликке алып келгенин да жокко чыгарасызбы?

– Мен аларды командасындагы адам­дар деп эсептейм. Алар кыйын убактарда Атамбаев менен чогуу жүргөн. Булар үй-бүлө мүчөлөрү эмес. Атамбаевдин дагы бир жакшы жагы, улутчул-мекенчил экенин көрсөтө алды. 1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгын, тарых жана маданият жылын өткөрө алды. Көчмөндөр оюнун өткөрдү. Жээнбеков жаңы адаммын, өзүмдүн саясатымды жүргүзүшүм керек, Атамбаевден башкача иш жүргүзөм дегендин ордуна, Атамбаевдин кемчиликтерин оңдоп, бүтүрө албаган иштерин бүтүрүп, жасай албагандарын жасап, ошол саясаттын жакшы жактарын улап кетиши керек. Экөөсүнүн ортосуна от жагып, экөөсүн согуштурам деген сырткы күчтөр көп. Эки президент, 5-6 премьер-министр, президент болом дегендер сыртта качып жүрүшөт. Алар жөн жаткан жок да. Эмне болсо да экөөсүн чабыштырыш керек. “Жүз күн өттү, өлкөнү Жээнбеков эмес, дагы деле Атамбаев башкарып жатат” дегендер ошолор. Ооба, бүгүн Атамбаев башкарып жатат. Аппарат башчысында Атамбаевдин адамы, күч структураларда толук Атамбаев койгон кадрлар олтурат. Өкмөттө Атамбаевдин кадрлары иштеп атат. Ошол эле учурда алар КСДПнын кадрлары болгон да. Жээнбеков­дун да кадрлары болгон.

– Кызмат, бийлик талашуу деген бар да. Эки адам кызмат бөлүштүрүүдө, кадр дайындоодо бир пикирге келе албай, ажырымга туш келүү факторун эске алган жоксуз го?

– Бийлик менен байлык бир туугандарды да согуштурат. Бакиевдердин үй-бүлөсү байлык, бийлик талашып чабышты. Жээнбеков менен Атамбаевге Бакиевдер­дин көрүнүшү сабак болушу керек. Прези­денттик шайлоодо Жээнбеков “Мен Атамбаевдин саясатын улантам” деген. Эгер ошол сөзү чын болсо, Атамбаевдин жаман жактарын эмес, жакшы жактарын улантышы керек. Мен өзүмдүн командамды алып келем деп Акаев “Алга Кыргызстанын”, Ба­киев “Ак жолун” түзгөндөй, бир партияны сүйрөп чыкса катачылык болуп эсептелет. Мамлекет мындан утпайт. Атамбаевден бөлүнүп, өз алдынча кетсе, Атамбаев ага оп­позиция болот. Орто жолдо эмне болорун билесиң да. Ким утат? Экөөсү тең утулат.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: "Жаңы Ордо"

Назар Новости