Азамат Жаманкулов: Калпактын кадырын көтөрүү-учур муунунун жоопкерчиликтүү милдети деп билем

Азамат Жаманкулов: Калпактын кадырын көтөрүү-учур муунунун жоопкерчиликтүү милдети деп билем

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун 5-март “Ак калпак күнүнө” карата куттуктоосу:

Кылымдар бою кыргыз кыргыз атыгып, тарых барактарына атадан балага мурас иретинде өткөрүүгө өз баалуулуктарын ыйык сактап, маңыздуу маданий жашоосун улап, көөнөрбөс, өчпөс из калтырып жашап келет. Улут катары уңгубузду улоонун да эң маанилүү формуласы-ушул. Аталган маданий мурастардын сап башында улуттук символдорубуздун көч атасы, тарыхтан тапкан таберигибиз-ак калпак турары талашсыз. Аны жалгыз баш кийим катары гана эмес, элибиздин бүтүндөй этнографиялык маданиятынын алып жүрүүчүсү катары таануубуз абзел. Буга былтыркы ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастар тизмесине катталуусу далил болуп, жумурай-журтубузду өзгөчө сыймыкка бөлөдү. Мындан ары дагы мындай өздүк баалуулуктарыбызды бийик кармап, сынын бузбай, маанисин барктап, кадырын көтөрүү-учур муунунун жоопкерчиликтүү милдети деп билем. Жаңылануунун башаты болгон жаз босогосуна туш келген улуттук Ак калпак майрамыбызды кут кылсын. Башыбыздан түшпөй, бактыбызга тунуп, дагы далай өнүгүүнүн узак жолунда улутубуз менен бирге жемиштүү жеңиштерге жетелесин. Уулдарыбыздын урматы, кыздарыбыздын кызматы артып, келечегибиз кең болсун! Майрамыңыздар менен, замандаштар!

Булак: NazaNews.kg

Назар Новости