АУДИО+ВИДЕО – Ысык-Көлдө, балдарга таттууларды тараткан кытайлар коомчулукту чоочутууда

АУДИО+ВИДЕО – Ысык-Көлдө, балдарга таттууларды тараткан кытайлар коомчулукту чоочутууда

Вотсаптан келди. Андагы видеодо байкалгандай кытай түспөлүндөгү эки кыз жана бир баланы жергиликтүүлөр такып суракка алышууда. Алар кыргызча берилген суроолорго, орусча жооп беришүүдө. Бирөөсү колунда кармаган нерсесин, “витамин С”,-деп көрсөтүп жатат.

Ал эми аудиодо айтылгандарга ишенсек, Ысык-Көлдүн ар бир айылында үчтөн Кытай жарандары кыдырып, балдарга витамин, мандарин, оюунчук таратып жүрүшөт.

Расмий маалыматтарга таянсак, бул видеодогу көрүнүш, 2018-жылы Балыкчы шаарында катталган эски окуя болуп чыкты. Муну Ысык-Көл облусттук ИИМдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов NazarNews.kg агентигине тастыктап берди. Анын айтымында, вируска байланыштуу коомчулукту чаташтырган жалган маалымат.

“Видеодогулар жергиликтүү мектептерде англис тилин үйрөтүү үчүн Кореядан келишкен ыктыярчы студенттер болушкан. Алар көчөдөн балдарга кезигип калышып, колдорундагы таттууларды таратышкан. Ал факт боюнча ошол эки жыл мурда бул ыктыярчылардан түшүндүрмө алганбыз”,-деп айтылат Усубакуновдун билдирүүсүндө.

Албетте, Азиялыктар кытайларды көрсө титиреп кетери адат болуп бара жатат. Айрыкча Кытайдагы коркунучтуу илдеттен соң учурда дүйнө эли алардан чоочулап жаткан чагы.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости