Асылбек Жээнбеков: "Эгерде биз үйлөрдө мал союуга тыюу сала турган болсок, анда кыргыз болбой калабыз"

Асылбек Жээнбеков:

Эл өкүлү Асылбек Жээнбеков айрым учурларда сөзсүз курмандык катарында мал союулушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков парламенттин профилдик комитетинин жыйынынын учурунда эгерде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция элге үй шартында мал союуга тыюу сала турган болсо, элибиз анда кыргыздыгын жоготорун баса белгиледи.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов «Жаныбарларды коргоо жөнүндө» мыйзамы боюнча сүйлөп жатканда эл өкүлү:

“Сиз айтып өттүңүз, үйлөрдө мал союлбашы керек деп. Биз анда кыргыз болбой калабыз да. Балдар кантип мал союларын билбей калышат. Биз, кыргыздар ушул мал союуну унутпай кийинкиге улантып жатканыбыз менен айырмаланып келебиз. Этти сатуу тууралуу сөз кыла турган болсок, анда ал башка кеп. Жамандык-жакшылыктарда текшерүүдөн өткөн малды сойсо болот”, — деди Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости