Арстан Алай: "Арстан Алай деген Кудайдан корккула, ал опасный!"

Арстан Алай:

Кооомчулук коронавирус илдетинен чочулап турган мезгил. Биз бул боюнча Арстан Алайдын оюн угуп көрдүк. Бир канча убакыт мурун Арстан мырза коомчулукка “Кытай биздин 4 млрд. доллар карызыбызды кечпесе, мен 40 млрд. долларга минуска түшүрүп коём. Мен аларга вирус жиберем” деген сөздөрүн жар салуу менен айткан эле.

— Арстан мырза, коронавирусту кытайларга сиз жибердиңизби?

— Мен Кытайга укмуш вирус жөнөтүп койдум. Анын жыйынтыгын жакында өзүңүздөр көрөсүздөр.

— Аны жибергендей сиз кимсиз?

— Мен Кудаймын! Муну мен жөнөкөй эле чечмелеп берейин: кайсы бир учурда Кудай жерге түшөт деген. Эмнеге дегенде, жер бузулуп кетти. Ошондо мени кийип туруп “сага от, суу, таш, абанын периштелери баш ийет. Каалаган мамлекетиңди, сенин айткандарыңды оюңдагыдай тегеренип тегизделет. Аалам күчтөрү сага баш ийип, коштоп-колдоп мөөр басып берет” деген. Алты мамлекет (АКШ, Арабия, түрк тилдүү эл, Индия, Кытай, Россия) кыргызга, Арстан Алайга биригиши керек! Ушул алты мамлекетти башкарып туруп, бир тартипке апкелем!

Бир кезде эл башына күн түшкөндө монголдордо Чыңгызхан, түрк тилдүү элде Осмон, кыргызда Манас чыккан. Алар мамлекет түптөгөн, элин тааныткан. Азыр андайлар түшпөйт. Бир кездерде пайгамбарлар келген. Азыр Кудай түшүп атат. Мен “Кудаймын” деп чыкканым да ушу. Эл ишенеби-ишенбейби, мага бир тыйын. Кудайлык милдетимди аткарып кете берем. “2020-жылы чоң бурулуштар болот” деп айтып оозду жыйгыча эле башталып кетти, ага өзүңөр күбөсүңөр. Саякбай Каралаевге жан кийбесе ошончолук манасты кайдан айтмак? Ошол сыяктуу эле мага Кудайдын жаны кийип алса сүйлөтөт экен да. Андай жан кийбесе ушунча сөз кайдан чыгат эле? “Соттобосоң оңолбойт” дейт. Ырас, Кытай Үзөңгү-Куушту тартып алса, химиясын көрүнгөн мамлекетке сунса, жер жүзүндөгү мамлекетти бийлейм десе, соттойм да. Жок, Кытай бийлебейт, кыргыз бийлейт. Керек болсо Улуу Британияны жоюп койдум. Бир гана Улуу Кыргыз болушу шарт. Кудайдан буюрулган адам гана бийлеш керек.

— Сизге үстүдөн билдирүүлөр келип турабы?

— Ооба, келип турат. Антпесе мен кайдан алам ал билдирүүлөрдү? Мына жакында эле “табияттын кырсыгын, коронавирусту токтотуп бер” деп бай мамлекеттер сага кайрылат” деген билдирүү келди. “Ири-ири державалар аукцион уюштуруп, “мен алам” деп талашат” деди. Манас атам көзүмө көрүнүп, “мен кыргызды курап журт кылсам, сен дүйнөнү курап журт кыласың” деди.

— Эмне менен курап журт кыласыз?

— Кудайлык касиетим, энергиям менен. Ааламдан “мурунку Кудайдан коркпой эле койгула! Азыркы Арстан Алай деген Кудайдан корккула, ал опасный!” деп билдирүү келип атат…

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: «Азия Ньюс»

Назар Новости