Ар бир Кыргызстандык 692,8 доллар карыз

Ар бир Кыргызстандык 692,8 доллар карыз

Кыргызстандын тышкы карызы миллиарддаган доллардын башын чапчый турганын жакшы билебиз. Тилекке каршы, тышкы карызды бир жагынан кутулганыбыз менен экинчи жагынан кайра эле карыз алып, айтор карыздан башыбыз чыкпай эле келатабыз. 2019-жылдын 30-ноябрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд. 503,48 млн. долларды түзгөнүн каржы министрлиги маалымдады. Бул ар бир кыргызстандык 692,8 доллар карыз дегенди билдирет.

Бул сумманын 3 млрд. 781,44 млн. доллары тышкы карыз болсо, 722 млн. доллары ички карыз. Бирок бул мамлекеттик карыздын өлчөмүн азайтуу багытында иш жүрбөй атат дегенди билдирбейт. Өткөн жылы мамлекеттик карызды жабууга бюджеттен 28,1 млрд. сом жумшалды. Бир айдын ичинде мамлекеттик карыздын өлчөмү 27,3 млн. долларга азайган.

Булак: “Майдан.kg”

Назар Новости