Аны тоюндуруудан чарчадым: Энеси 2 жашар кызын муунтуп өлтүрдү

Аны тоюндуруудан чарчадым: Энеси 2 жашар кызын муунтуп өлтүрдү

Балага зар болуп балдар үйүнөн ар кандай оор илдеттерге кабылган жаш балдарды асырап алып жатышса, кээ бир акылынан тайган, психикалык ооруулар менен ооругандар 6 саны аман куурчактай кыздарын өлтүрүүдө. Энелер эмнеликтен мынчалык мыкаачы болуп баратат?!

2 жаштагы кызын муунтуп өлтүргөн Карина Гомес кызын мындан ары тамактандыра албай турганын, кызын да азаптан арылтуу үчүн муунтуп өлтүргөнүн айтып элдин талкуусуна калды.

“Мен абдан чарчадым. Аны тойгуза албайм. Аны өлтүрдүм, эми бала деп кыйналбай турган болом”, — дейт энеси.

Аталган окуя, Буэнос-Айресте болгон. Эжеси сиңдисинин бөлмөсүнө киргенде энеси кызын төшөккө ороп көчөгө карай жүгүргөн. Артынан кууп жеткенде баланын көпкөк болуп жатканын көрөт.

Учурда иш адам өлтүрүү беренеси боюнча каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости