Аманбай Кайыповдун атасы 96 жашында жарык дүйнө менен коштошту

Аманбай Кайыповдун атасы 96 жашында жарык дүйнө менен коштошту

Өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун атасы 96 жашында кайтыш болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, атасынын сөөгү Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында 17-февралда жерге берилет.

Учурда Аманбай Кайыпов Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштейт.

NazarNews.kg маалымат агенттиги Аманбай Кайыповдун жакындарына көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости