Алмаматовдун иши боюнча прокурор кызматтан алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун иши боюнча прокурор кызматтан алынды. Бул тууралуу 27-январда, жергиликтүү булактардын бирине башкы прокуратуранын өкүлү Кадырбек Марайымбеков:

-Ал прокурор иш экинчи инстанцияда, шаардык сотто каралып жатканда мамлекеттик айыптоочу болгон, — деп билдирген.

Эске салсак, Насирбек Алмаматов 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери тарабынан унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык иштерди түзгөн деп айыпталган. Октябрь райондук соту Алмаматовду 12 жарым жылга эркинен ажыратып, андан кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошоткон. Андан кийин Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечиминин үстүнөн арыз жазган. Жогорку Сот 2019-жылдын 30-октябрында бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Андан соң ага издөө салынган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости