Алла Пугачева менен Кадыров 26 жылдан кийин уюшкан кылмыштуу топтун жетекчисин өлтүрүүгө эмне үчүн күнөөлөнүп жатат?

Алла Пугачева менен Кадыров 26 жылдан кийин уюшкан кылмыштуу топтун жетекчисин өлтүрүүгө эмне үчүн күнөөлөнүп жатат?

Кадыров менен Пугачева 26 жылдан кийин уюшкан кылмыштуу топту жетекчисин өлтүрүүдө айыпталууда. Бул тууралуу ВЕРСИЯ жазып чыкты.

Анын өлүмүн Россиянын криминалдык дүйнөсүнүн жарымы кааласа башкалары өч алууга даяр эле. Сильвестер каймана аты менен белгилүү Сергей Тимофеев 1994-жылы өлтүрүлгөнгө чейин Россиядагы эң ырайымсыз уюшкан кылмыштуу топту жетектеп келген эле.

Сильвестер “муздак” жана “миз кайтаруучу” кылмышкер катары аброюлуу болгондугун жана «Бригада» сериалындагы Саша Белыйдын ролу уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси Сильвестердин чагылдырылышы экендигин көпчүлүк биле бербесе керек.

Анын жок болушун каалабаган кишилер дээрлик болгон эмес, ошондуктан бул ишке “мыйзамдагы уурулар” Япончик, Борис Берёзовский ж. б. көптөгөн кылмыштуу топтун жетекчилери күмөндүү деп эсептелген.

“Росбалттын” эксперттеринин айтымында өзүн-өзү өлтүрүү деп эсептелген бул кылмыштын ачылышы өтө кыйын. Аны өлтүрүүгө олигархтар, атактуулар, ал тургай атайын кызматтагылардын да кызыкчылыгы бар болушу ыктымал.

1994-жылы Сергей Тимофеев Алла Пугачёвадан “салык” талап кылганда Пугачёва Япончиктен жардам сурап кайрылган. Ошондуктан аты аталган экөө Тимофеевдин өлүмүнө шектүү катары каралууда.

Кадыровдордун алгачкы чечен отряды түзүлгөнгө чейин эле Москвага Сильвестерди жок кылуу үчүн жиберилген. Натыйжада “ореховчуларды” (Тимофеевдин кылмыштуу тобу) Россиянын бүт аймагынан сүрүп чыгарышып, дээрлик жок кылышкан.

Мунун баары Сильвестер тарабынан “мазактоого” кабылган жана ушул окуя үчүн өч алгысы келген Пугачёванын жана Ахмат Кадыровдун иши имиш. Муну ошол кездеги сотко берилген бандалар айткан. Алардын бул сөзүнөн кийин Пугачева менен Кадыровго (улуусу) болгон шектенүүнү жараткан.

Сильвестердин “иши” боюнча арадан 24 жыл өтүп кеткенден кийин тергөө алдыга дээрлик жылган эмес. Шектүүлөрдүн көпчүлүгү каза болушкан же бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөн. Мына ушул фактор дагы кылмыш ишитин жүрүшүнө тоскоолдук пайда кылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости