Оштун «Алай» футболдук клубу курамына нигериялык футболчуну кошуп алууну көздөөдө. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка караганда бүгүн, 7-февралда нигериялык борбордук коргоочу Эзех Хедира Питер Ошко келген. Ал оюнчу бүгүндөн баштап машыгууларга катышып баштайт.

“Эзех Хедира Питер учурда 23 жашта. «Алай» командасы 15-февралдан 1-мартка чейин Түркияда окуу машыгуу жыйынын өткөрүүнүн алдында турат. Ал машыгуу учурунда өзүн жакшы көрсөтсө, клуб аны менен келишим түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg

Назар Новости