"Алай" футболчулары Түркида жана Ташкентте машыгышат

Кечээ, 10-февраль күнү Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу 2019-жылы футбол боюнча Кыргыз Премьер Лигасында II-орунду алгандыгы учун Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы тарабынан сыйланды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев, мэриянын кызматкерлери жана “Алай” футбол командасынын жалпы футболчулары катышты.

Жыйындын алкагында футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев “Алай” футбол клубу Кыргызстандагы алдыңкы клубдардын катарында экендигин баса белгилеп, жаратуучу ийгиликтер дагы алдыда деп кошумчалады.

Мындан сырткары, футбол боюнча Кыргыз Премьер Лигасында 2-орунду ээлегендиги үчүн “Алай” клубуна диплом жана футболчуларга медал тапшырды.

Буга кошумча, “Алай” футбол командасына 2020-жылга даярдык көрүү үчүн Ош шаардык кеңешинин атынан Түркиянын Анталия шаарына жана Ош шаарынын мэриясынын атынан Ташкентке машыгууга атайын сертификаттар берилди.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости