Ала-Бука районунда чарбаларды ирилештирүү боюнча регионалдык кооператив түзүү демилгеси көтөрүлүүдө

Ала-Бука районунда чарбаларды ирилештирүү боюнча регионалдык кооператив түзүү демилгеси көтөрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району өткөн жылы Бельгияга 12 тонна, Монголияга 7 тонна өлчөмүндө кургатылган кара өрүк экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, бул продукцияны аталган аймактагы кооперативдер сыртка саткан.

«Кооперативдер, ички рынокко — Бишкек жана Ош шаарларындагы соода түйүндөрүнө кургатылган кара өрүк саткан. Кен казган ири компанияларга атайын кийимдерди тигип, мөмө-жемиш ширелери менен камсыздаган», — деп айтылган маалыматта.

Азыркы учурда аталган райондо чарбаларды ирилештирүү боюнча регионалдык кооператив түзүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости