Аким Султанов Суракматовдун ордун мээлегенде…

Аким Султанов Суракматовдун ордун мээлегенде…

Бизде кызматка жеткенден кийин эле керкейип, иш кылбай эле интригага чулганып алган чиновниктерибиз арбын. Олтурган кызматына алымсынбай андан да чоңойгусу келип, ал жерде иштеген жетекчи, бɵлүм башчыларга бүт ɵз кишисин койгусу келип баштайт. Ошондой жетекчи сɵрɵйлɵрдүн бири болгон Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Токтосун Султанов деген эргул тууралуу ɵткɵн саныбызда жаздык эле. Моюнуна жүктɵлгɵн ишти жасабай интрига менен алпурушуп атканы боюнча. Бул ноен Ленин районуна келгенге чейин Биринчи май районунда аким болгон. Ал жерде да жɵн иштебей жер сатуу махинациясына илээшип, артынан не бир шумдук сɵздɵр айтылып атып араң кеткен эле. Иш кылбай эле интрига менен шугулданган Султанов мэр Азиз Суракматовго да тиш кайрап, мэрдин ишин сындап атканы кандай? Же эмне Суракматовдун креслосун ээлегиси келип атабы?

Булак: «De-facto»

Назар Новости