Айсулуу Равшан, Равшан Жээнбековдун кызы: "Атам бизди дайыма ар кандай оор кырдаалга моралдык жактан даярдачу"

Айсулуу Равшан, Равшан Жээнбековдун кызы:

12-декабрда ИИМдин Тергөө кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековду 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Кой-Таш айылында болгону үчүн суракка чакырылып, 14-февралда Биринчи май райондук соту тарабынан 9-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Атасынын эки айга камакка алынганын уккан Айсулуу Равшан, Америкадан дароо Кыргызстанга учуп келген. Айсулууга байланышка чыгып, суроо узаттык, Анда сөз башынан болсун.

-Айсулуу АКШда жашаганыңа карабай кыргыз тилинде так сүйлөйт экенсиң. Учурда ал жакта эмне менен алектенесиң?

-14 жашымда атам Малайзияга элчи болуп дайындалды. Бизге англис тилин үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мектептепти ийгиликтүү аяктап, Америкага окууга тапшырдым. Америкадагы Сиракуз окуу жайынын Эл аралык мамилелер факултетин аятап, билимимди тереңдетүү максатында Кендал университетине тапшырдым. Азыр колумда кичинекей балам бар, балам менен алекмин. Буюрса, баламды бакчага берип, окуумду улантам. Жолдошум Марлен IТ тармагында иштейт. Америкада жашайбыз. Азыр атам камакта жатканына байланыштуу бул жакта калууга туура келип жатат.

-Атаң менен көбүнчө эмне тууралуу сүйлөшчү элеңер? Анын камалышын кандай кабыл алдыңар?

-Атамдын камалышы биздин бүлөөгө чоң сокку болду. Атам 20 жылдан бери саясаттын казанында кайнап жүрөт. Ошол 20 жылдын ичинде ар кандай сыноолордон өттүк. Бул кыйынчылыктар биз үчүн дагы бир чоң сыноо. Атам бизди дайыма ар кандай оор ситуацияларга моралдык жактан даярдачу. Камалышына биз даяр болчубуз. Атам менен сүйлөшүп отурсаң жан дүйнөң эс алат. Үй-бүлөлүк баалуулуктар, Кыргызстандын келечеги, саясат, илим, билим, сүйүү деги койчу, атам менен кайсы тема болбосун сыр чечишип отурсаң ырахат аласың. Мен шаарда, чет мамлекеттерде жашап айылдын турмушун жакшы билбей калдым. Ошондуктан мага эң кызыктуу тема бул — ата-энемдин айылдагы жашоосу. Атамдын айылы, анын айылдагы кичинекей балачагы. Кээде атам жакшы окуяларды айтып берип отурган маалда видео тартып, инстаграм баракчама жүктөп коём. Буюрса, атам абактан чыкса Таласты кыдырып келели деп пландап жатабыз.

-Сенин оюңча Кыргызстан толук демократиялуу өлкө болуш үчүн эмнеден аксап жатат деп ойлойсуң?

-Демократия бул-эркиндик, акыйкаттык, адамдын укугу жана адамдын коопсуздугу. Мен ойлойм бул баалуулуктар Кыргызстанда жокко эсе. Тилекке каршы, коомдун көпчүлүк бөлүгү, жаштар демократия үчүн күрөшүүгө али даяр эмес экен. Менимче, өлкөбүз канчалык демократиялуу болсо, ошончолук жумуш орундары көп болот, экономика өнүгөт, айлык акы, пенсия көбөйөт.

-Кыргызстандагы бүгүнкү саясий кырдаалга сенин көз-карашың? Азыркы бийликке ишенүүгө болобу?

-Атасы саясий мотив менен камакка алынган ар бир эле адам саясатка, бийликке терс баа берсе керек. Саясий абалдын оор экенин, экономика артта калганын, репрессия азыркы бийликте отургандардын негизги куралы болуп калганын көрүп эле турам. Албетте, мунун баары жүрөктү оорутат. Анткени, биз Кыргызстанды өнүктүргөндүн ордуна, өлкөбүздү артка тартып жатабыз. Азыркы бийликке, өзүнүн кызыкчылыктары баалуу болуп жатат, жалпы элдин кызыкчылыгы, өзгөрүүлөрдү жогору коюунун ордуна, бийлик атама окшогондорду камоо менен эле алек болуп жатканы өкүндүрөт.

Алина САБАТБЕКОВА

Булак: “Ачык саясат плюс”

Назар Новости