Айдоочуларга жагымдуу кабар. ГАИ эми токтотпойт!

Айдоочуларга жагымдуу кабар. ГАИ эми токтотпойт!

Мындан ары жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер (МАИ) жолдун жээгине чыгып, айдоочулардын унааларын токтото албайт. Бул тууралуу ЖККББнын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, жаңы тартип боюнча кызматкер жол эрежеси атайылап бузулган учурда гана айдоочуну токтотуп, эскертүү бере алат. Андан сырткары, эгерде унаа издөөдө жүргөн болсо же болбосо туура эмес токтотулган учурда патрулдук милициянын кызматкерлери текшере алаары белгиленген. Андан башка учурда МАИ кызматкерлери жөнү жок унааларды текшербейт жана жол жээгине чыгып унааларды тосо албайт. Токтотуу үчүн өтө жүйөлүү себеп керек.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости