Абдылдаев да карыды, арыды

Абдылдаев да карыды, арыды

Саясатта көп жылдан бери жүрүп, өзүнүн билимдүүлүгү менен чоӊ тажрыйба топтоп, башкалардай анчалык жулунбай, ошону менен катар элге анчалык жек көрүнбөй дээрлик бир калыпта келаткан Мыктыбек Абдылдаев акыркы учурда Жогорку Кеӊештин депутаты катары активдүүлүгүн көрсөтө албай калды. Болбосо ал башка көптөгөн депутаттардан айырмаланып, парламентте кандай маселе, кандай мыйзам каралса да алардын көбүнүн кемчилигин таап чыгып, туура жагын айтчу эле. Негедир ал андай күүсүнөн жанып, бийликке, өкмөткө да “тиши өтпөй” калганы байкалууда.

Же айта берип тажадыбы, балким атактуу “коррупционерлерден” турган “Бир болду” баштап ЖКга депутат болуп келгенине өкүрүп жатабы, айтор бул жагы бир аз бүдөмүк болуп турат. Абдылдаев кийинки шайлоого катышпай деле калышы мүмкүн. Жашы деле өйдөлөдү. Саясатта 67 жаш курак деле оӊой эмес. Небере жытын жыттап, нечен сонун китептерди окуп, мемаур жазып олтура турчу кезге келди.

Булак: «Багыт.kg»

Назар Новости